Биз менен байланышыңыз

Трамп Мексика менен чек араны жабарын эскертти

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 579 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн, керек болсо Мексика менен чек араны жаап саларын эскертти. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги эсебинен айтты.

«Ондогон жылдардан бери иммиграция боюнча мыйзамдарды бузуп келе жаткан Мексика менен чек араны жабууга да барабыз. Мындай одоно мамилеге АКШ мындан ары уруксат бербейт. Биз арызы сотто кабыл алынган гана мигранттарды киргизебиз. Калгандары Мексиканын аймагында калышат. Бейбаштык менен кирүүгө аракет кылгандарга «Карма жана кама!» деген саясатыбыз иштейт»,-деп жазды президент Трамп.

Эске салсак, Борбордук Америкадагы эң жакыр Гватемала, Гондурас жана Сальвадор мамлекеттеринен чыгып, жөө-жалаңдап эки-үч ай дегенде Американын чегине жеткен мигранттардын саны миңдеп саналат. Алар өз өлкөлөрүндөгү жумушсуздук, ачкачылык жана мафиянын кодулоосунан качып, Америкадан баш паанек издеп келишти. Бирок арасында ар түрдүү кылмышкер, террористтер болуусу ыктымал деген жүйө менен Вашингтон аларды коё бербей, мыйзамдуу арыз берип, каттоого тургандарды гана киргизип жаткан чагы. Дүйнө жүзүнөн АКШга мыйзамсыз кирген мигранттардын эң көбү дал ушул Түштүк дарбаза-Мексика чегинен киришет.

Copyright © 2017 Maral FM