Улуттук банк менен биргеликте эфирге чыгып жаткан “Эколикбез” программасында бул жолу акча которуулар жөнүндө маалымат бердик. Биздин суроолорго Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын башкы адиси Айгүл Бакесариева жооп берди.
Марал: Акча которуу системасы канчалык өнүктү? Башкача айтканда учурда акча которуунун кандай ыкмалары бар?
Айгүл Бакесариева: Учурда жеке адамдар коммерциялык банктардын бөлүмдөрүндө эсеп ачуусуз эле, акча которуу системалары аркылуу акча жөнөтүп же которулган акчаны ала алышат.
Акчаны интернет банкинг же мобилдик банкинг аркылуу бир банктык эсептен экинчисине накталай эмес формада которуу ыкмасы да жөнгө салынган. Мындан тышкары, банкоматта мындай мүмкүнчүлүк каралган болсо, төлөм карты аркылуу да бир карттан экинчисине акча которууга болот.
Марал: Акча которуу кантип жүргүзүлөт?
Айгүл Бакесариева: Эсеп ачуусуз эле, коммерциялык банктардын бөлүмдөрүндө жөнгө салынган которуу системалары аркылуу акча жөнөтүү эң эле кеңири колдонулган ыкмадан болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын ичинде акча которуу локалдык система аркылуу, ал эми өлкө чегинен тышкары эл аралык системалар аркылуу ишке ашырылат. Локалдык жана эл аралык системалар боюнча которулган акчаны алуучулар жана жөнөтүүчүлөр үчүн бирдей талаптар каралган. Акча жөнөтүүдө же алууда алар талап кылынган документти (паспортун же ким экендигин тастыктаган башка документти) көрсөтүүгө жана тиешелүү реквизиттерди туура чагылдырууга, ал эми банк кызматкери бардык реквизиттердин тууралыгын текшерүүгө тийиш.
Чет өлкөлөргө акчаны SWIFT же Телекс системалары аркылуу да жөнөтүүгө болот. Бул үчүн банктын бөлүмүнө келип, нак акча каражатын алуучунун банк эсебине чегерүүгө жана банкта эсеп ачылган болсо, чет өлкөлөрдөн которулган акчаны да алуу мүмкүнчүлүгү жөнгө салынган.
Республика аймагында жогоруда белгиленип кеткендей эле, акчаны интернет-банкинг аркылуу жөнөтүүгө болот. Бул үчүн ушул кызмат көрсөтүүгө туташкан банктын төлөм картына ээ болуу жана интернетке туташуу талап кылынат. Тейлөөгө алган банктын интернет баракчасын ачып, логин жана пароль аркылуу республика аймагында иштеп жаткан кайсыл болбосун банктын кардарынын банктык төлөм картына акча которууга болот.
Мындан тышкары, мобилдик телефон аркылуу билдирүү жөнөтүү аркылуу банктык эсепти аралыктан тескөөнү камсыз кылган мобилдик банкинг аркылуу да акча которуу ыңгайы сунушталууда. Бул үчүн уюлдук түйүндө мобилдик тиркеменин болушу жана интернетке туташуу талап кылынат.
Банкоматта бул мүмкүнчүлүк каралган болсо, банкомат аркылуу бир карттан экинчисине акча которууга да болот.
Марал: Республика ичинде жана анын чегиннен тышкары акча которуулар ортосунда кандай айырма бар?
Айгүл Бакесариева: Республика аймагында эсеп ачуусуз эле акча которуу локалдык системалар аркылуу ишке ашырылат, ал эми коммерциялык банктар анын операторунан болуп саналат.
Өлкө чегинен тышкары которуулар SWIFT же Телекс сыяктуу чек ара аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырган системалар боюнча жүргүзүлөт. Операторлор иш жүргүзүү үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш. Акча которуу системаларынын каттоодон өткөн операторлорунун реестри менен Улуттук банктын расмий сайтынан таанышууга болот.
Марал: Акча которуунун тарифтери кандай?
Айгүл Бакесариева: Акчаны эсеп ачуусуз эле которууда которуу системасына, которулуучу суммага жана акча кайсыл өлкөгө которулушуна жараша ар кандай тарифтер колдонулат. Локалдык системалар аркылуу өлкө ичинде которуулар үчүн тарифтер банктар, ал эми чет өлкөлөргө которуулар үчүн тарифтер эл аралык системалар тарабынан белгиленет.
Марал: Акча которууда кардарлар кандай укуктарга ээ?
Айгүл Бакесариева: Эсеп ачуусуз эле которуу системалары аркылуу акча которууда коммерциялык банктар акча жөнөтүүчүлөрдү жана алуучуларды которуу эрежелери менен тааныштырып, аларга бардык зарыл документтерди берип, ким экендигин тастыктаган документтерин, реквизиттерин текшерүүгө тийиш. Мындан тышкары банкта кардарларга (акча жөнөтүүчүгө) төмөнкү маалыматтар маалымдалышы зарыл:
-которуунун натыйжасында алуучуга төлөнүп берилүүчү сумма;
-банктын комиссиялык жыйым суммасын;
-которулуп жаткан акча валютасынын алмашуу курсу тууралуу;
-которулган акчаны качан, кайсыл убакта кайсыл жерден алууга боло тургандыгын;
-алдамчылыкка жол берилиши ыктымалдыгы тууралуу эскертилип, акча которуу жана алуу шарттары жана жөнөтүүчү үчүн зарыл болгон бшка маалыматтар.
Марал: Акчаны бир банктан жиберип, башка банктан алууга мүмкүнчүлүк барбы?
Айгүл Бакесариева: Акчаны эсеп ачуусуз эле, которуу системалары акрылуу бир банктан жөнөтүп, башка банктан алууга болот. Болгону ошол эки банк тең эсеп ачуусуз акча которуу системасынын катышуучусунан болууга тийиш.
Марал: Канча суммага чейинки акчаны которууга болот?
Айгүл Бакесариева: Бул эсеп ачуусуз акчак оторуу системасынын эрежелерине, ошондой эле банк саясатына жараша болот.
Марал: Акча которуудан мамлекет кандай пайда табат?
Айгүл Бакесариева: Мамлекет айрыкча эмгек мигранттарынын өлкөгө акча которууларынан утушка ээ. Анткени которуулар көлөмүнүн артышы өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга алгылыктуу таасир этет. Эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрү алардан келип түшкөн акчанын эсебинен керектүү товарларын, турак жай, транспорт каражатын сатып алып, кызмат көрсөтүүлөргө, билим алууга, коммуналдык кызматтарга төлөйт.
Марал: Акча которууда коопсуздук жагы кандайча камсыздалат?
Айгүл Бакесариева: Кыргыз Республикасында акча которуулар коммерциялык банктар жана алардын агенттери аркылуу гана ишке ашырылат. Кардар акча жөнөтүүдө тиешелүү бланктын бардык реквизиттерин туура толтурган шартта, ага идентификациялык (купуя) код ыйгарылат. Бул реквизиттерди кимдир бирөөгө маалымдоого жол берилбейт.
Которуу системалары бир адамдан экинчисине акча которуу үчүн гана кызмат кылат жана бизнес жүргүзүү үчүн каралган эмес. Алдамчылыкка жол берилген шартта акчаны кайтарып алуу эң эле кыйын, анткени көпчүлүк учурда алдамчылар башка өлкөнүн жараны жана акча чыгарып алууда алар жасалма документтерди пайдаланышат же акчаны кимдип бирөөлөр аркылуу алууга аракеттенишет.
Ар кайсы өлкөнүн атайы органдары тарабынан тиешелүү жол-жоболордун макулдашылбагандыгы, мыйзамдардагы өзгөчөлүктөрдөн улам да акчаны кайтарып алуу процесси алда каняча татаалдашып жатат. Ошондуктан мынадй көйгөйлүү маселени укук коргоо органдары аркылуу гана чечүүгө туура келет.
Марал: Кайсыл өлкөлөргө акча которууга болот?
Айгүл Бакесариева: Бүгүнкү күндө эл аралык акча которуу системалары боюнча дүйнөнүн 200 ашуун өлкөсүнө акча которууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мисалы: Орусия, Казакстан, АКШ, Литва жана башка өлкөлөр.
Марал: Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанга которулган акча суммасы канча?
Айгүл Бакесариева: Ушул жылдын январь айынан сентябрга чейинки аралыкта акча которуу системалары боюнча 138 310,15 млн сом жалпы суммасында 6 182,5 миң транзакция, ал эми 2017-жылдын ушул эле мезгили аралыгында 135 512,4 млн сом жалпы суммасында 5 364,0 миң которуу ишке ашырылган. Демек, акча которуу көлөмү 2,1 пайызга көбөйгөн.
Марал: Кыргызстандан башка өлкөлөргө канча суммада акча которулган?
Айгүл Бакесариева: 2018-жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстандан 31 519,3 млн сом жалпы суммасында 492,7 миң транзакция ишке ашырлган. Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгында 30 008,4 млн сом жалпы суммасында 446,5 миң транзакция өткөрүлгөн.
Марал: Акча которууда кардарлар алданып калбашы үчүн кандай кеңеш бере аласыз?
Айгүл Бакесариева: Акча которууда алдамчылык аракеттерине жол бербөөнүн төмөнкүдөй жөнөкөй эрежелерин сунуштайбыз:
-Билбеген жана көрбөгөн адамдарга эч качан акча жөнөтүүгө болбойт;
-Кызыгууну жараткан ар кандай бүтүмдөрдөн жана сунуштардан сак болуу зарыл;
-Интернет аркылуу алынган товарларга төлөө үчүн которуу системаларын пайдаланууга болбойт;
-Чет өлкөдө ойнотулган лотереялар, утуштар боюнча салыктарды же жыйымдарды төлөө үчүн акча жөнөтпөңүз.
-Акча которуу боюнча маалыматтарды, контролдук кодду кимдир бирөөгө билдирүүгө жол берилбейт. Которулган акчаны ээсине берүүдө кодду же паспортту бардык эле өлкөдө милдеттүү түрдө талап кыла бербейт. Анткени ар бир өлкөнүн мыйзам талаптары өзгөчөлүгү менен айырмаланат.