Биз менен байланышыңыз

Курултай Жээнбековдун ишине канааттанып, Атамбаевдин ишин жактырган жок

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 777 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өткөн курултайда президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишине “канааттандырарлык” экс-президент Алмазбек Атамбаевге «канааттандырарлык эмес» деген баа берилди.

Курултайдын катчылыгынын мүчөсү Азимбек Бекназаров кандай чечимдер кабыл алынганын жарыялады.

-Президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишине «канааттандырарлык» деген баа берилди;

— Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишине «канааттандырарлык эмес» деген баа берилди;

-Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынсын деген сунуш колдоого алынды;

Жогорку Кеңештин ишине «канааттандырарлык эмес» деген баа берилди;

Саясий куугунтукка алынган саясатчылардын иштерин кайра кароо сунушу берилди.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM