Биз менен байланышыңыз

Камактагы саясатчылардын ишин кайра тергөө сунушталды

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 595 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда саясий куугунтукка кабылган камактагы саясатчылардын иштерин атайын мамлекеттик комиссия түзүү менен иликтеп чыгуу сунушталды.

Тергөө иштеринде кылмыш процессуалдык жоболордун сакталышы боюнча президент Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке сунуш жиберилди.

Комиссиянын ишине коомчулуктун өкүлдөрүн киргизүү керектиги айтылды.

Саясий куугунтукка кабылган саясатчылар — Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Абдылда Капаров, Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнис Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Аида Салянова, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Александр Гусев.

Айта кетсек, курултайга жалпы 600дөй адам катышты. Ошондой эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаковдор бар.

Саясатчы Азимбек Бекназаров курултайда айтылган сунуштар боюнча президент же Жогорку Кеңеш тарабынан эч кандай аракет жасалбаса, анда коомчулук өз укугун колдонуп, конституциялык реформа жасоо үчүн 300 миң, Кумтөрдү денонсациялоо боюнча 10 миң кол топтоло турганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM