Биз менен байланышыңыз

Нурбек Токтакунов: Укук коргоо органдары — уюшкан кылмыштуу топ

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 567 | 0

Укук коргоо органдарында эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мындай пикирин адвокат Нурбек Токтакунов элдик курултайда билдирди. Ал Башкы прокуратура, сот системасы жана укук коргоо органдары эң чоң кылмыштуу топко айланганын айтты.

-Президенттер алмашып жатканы менен тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор дагы деле ошол кызматтарында турушат. Учурунда Медет Садыркуловдун өлүмүн жашырган тергөөчүлөр, прокурорлор башында Бакиевге, кийин Атамбаевге, азыр Жээнбековго кызмат кылып жатат. Эч нерсе өзгөргөн жок,-деди ал.

Атамбаевдин эң чоң кемчилиги катары укук коргоо органдарын реформалабаганын, тескерисинче, аларды колдонуу менен мыйзамдуу саясий күрөштү жок кылганын сынга алды.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да мурунку мамлекет башчы даярдап берген системаны өзүнүн саясий атаандаштарына колдонуп жатканын айтты. Эгерде мыйзам эң жек көрүлгөн адам үчүн да иштеген учурда гана толук кандуу жолго салынарын кошумчалады.

Курултай азыркы президент Соооронбай Жээнбековго ыкталган негизде өткөнүн, бирок баары өз оюн эркин айтууга укук берилгенни «Маралга» берген маегинде айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM