Connect with us

Садыр Жапаров: Курултайда президент отчет бериши керек

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 817 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги коомдук, саясий уюмдардын курултайында камакта отурган мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташы сөз сүйлөп, анын кайрылуусун окуду.

Садыр Жапаровдун кайрылуусунда, өлкөнү президент башкарып, жоопкерчиликти моюнга алышы зарылдыгы, депутаттардын саны 55тен ашпашы керектигин айтты.

Ошондой эле курултайды жыл сайын өткөрүүнү, анда президент менен өкмөт отчет бериши керектигин белгилейт.

Айта кетсек, курултайга жалпы 600дөй адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева, Исмаил Исаков жана башкалар бар.

Ошондой эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаковдор бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM