Биз менен байланышыңыз

Баткен менен Таластын 91 айылына ичүүчү суу чыгарылат

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 643 | 0

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Ислам өнүктүрүү банкынын Аймактык өкүлчүлүгү тобунун директору Хишам Талеб Маруф менен жолугушту.

Тараптар Баткен жана Талас облустарынын ичүүчү суу менен камсыздоочу айыл чарба секторун өнүктүрүү үчүн бөлүнүп жаткан финансы каражаттарына тийиштүү маселелерди талкуулады.

23-ноябрда калктуу пункттарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу чыгарууну өнүктүрүү стратегиясына ылайык, 20 млн доллар суммасындагы насыя берүү боюнча сүйлөшүү болду.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Сауд өнүктүрүү фонду кошумча түрдө 30 млн доллар сунуштаган, баштапкы сунушталган пайыздык үстөктү 1%дан 0,75%га чейин төмөндөттү. Насыя 30 жылга 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү менен берилет.

Жалпы суммасы 50 млн долларды түзгөн бул финансылык каражаттар Баткен жана Талас облустарынын 91 айылын ичүүчү суу менен камсыздоого багытталат. Бул долбоорлор алдыдагы 4-5 жылдын ичинде ишке ашырылмакчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM