Биз менен байланышыңыз

Келдибеков: Буйрук бергендер эле эмес аткаргандар да жоопко тартылышы керек

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 820 | 0

Мурунку бийликтердин учурундагы сот, прокуратура, күч органдарындагы чечим кабыл алган, буйрукту аткаргандардын баарын жоопко тартууну курултайда сөз сүйлөп жатып Ахматбек Келдибеков айтты.

Ал ошол эле буйрукту аткарган, туура эмес чечимдерди кабыл алган жетекчилер бүгүн пагонун гана алмаштырып, кызматта отурганын белгилейт.

Ал мындан тышкары, кеткен бийликке сын айтуу, баа берүү туура экенин, ушул сын-пикирлер иш жүзүндө аткарылбагандыктан абалыбыз оор болуп турат деди.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM