Биз менен байланышыңыз

Каптагаев Атамбаевге укуктук баа берүү керектигин айтты

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 589 | 0

Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 27 жыл толуп, 28-жыл кетип бара жатса да ушундай чогулуш уюштуруп, кайдап барабыз, эмне кылабыз деп талкуулап жатабыз. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.

2005-жылы март революциясынан кийин эле Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусу, коррупция жоюлат деп Бакиев бийликке келген. Бирок ал дагы өзүнүн үй-бүлөлүк бийлигин орнотуп, ага каршылык кылган саясатчылардын, журналисттердин, ишкерлердин көзүн тазалап, өлкөдө канкор бийликтин орнотту. Ал эми 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Конституциялык реформа ишке ашты, парламенттик демократия орноду, адам укуктары камсыз болуп, сөз эркиндигине чек коюлбайт, сот реформасы ишке ашат деп кыйкырганбыз. Бирок Алмазбек Атамбаев эл алдында берген антын бузуп, шейит кеткен баатырлардын арбактарын тебелеп, кайрадан Акаев, Бакиевдин жолуна түштү» — дейт Каптагаев.

Каптагаев мындан тышкары, буга чейинки үч президенттин табигаты окшош, элге кылган мамилеси, мамлекетке кылган кыянаттыгы да бирдей экенин айтты.

Ошондой эле, коррупциялык иштердин башында Кумтөр маселеси турганын, Атамбаев мөңгүлөрдү жылдырууга кол койгонун эске салды. Буга чейин мыйзамсыз иштерди жасаган Атамбаевге укуктук баа берүү керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM