Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: 27 жылда Кыргызстандын экономикасы өскөн жок

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 597 | 0

Акыркы 27 жылда Кыргызстандын экономикасы өскөн жок. Ошондо ички дүң продукциясынын көлөмү 600 млн болсо азыр 1200 млн эле болду. Мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан курултайда саясатчы Равшан Жээнбеков айтты.

Ал  айлык акынын орточо көлөмү 10 миң сомго жетерин, калктын 20 пайызы жакырчылыкта жашай турганын белгилейт. Экономиканын негизин саясат түзөрүн айткан Жээнбекков экономиканы өнүктүрө турган 2 реформаны атады. Алар сот реформасы, айыл өкмөт башчыларын элдин шайлоосу керек.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM