Биз менен байланышыңыз

Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу кол топтолот

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 771 | 0

Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу кол топтойбуз. Бул тууралуу Бишкекте өткөн курултайда саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорлору даяр. Конституцияны өзгөртүү боюнча 300 миң, Кумтөр боюнча 10 миң кол топтоо керек.

Бекназаров 2006-жылдын ноябрь айындагыдай тынчтык митингине чыгып, мыйзамдарды Жогорку Кеңешке жеткирүүгө күч бар деди. Болбосо 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо азыркыдай партиялык тизме менен өтүп, ушул эле депутаттар кайра шайланып, Кумтөрдү Центеррага же дагы башка компанияга сатып жиберишерин эскертти.

Ал мындан тышкары, оппозициялык күчтөр бийлик талашууга ниети жок экенин, бирок конституциялык укуктарын коргоого, эл байлагын элге кайтарууга милдеттүү экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM