Биз менен байланышыңыз

Бүгүн элдик курултай өтөт

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 635 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте саясий-коомдук уюмдардын курултайы өтөт. Ага 650 делегаттын катышары күтүлүп жатат.  Иш-чараны уюштуруу комитетинин мүчөсү Адил Турдукуловдун билдиришинче, катышуучулардын ичинен 250 саясий партиялар, калган 150 орун коомдук уюмдарга берилген. Бул делегаттар аймактардан чогулбайт. Бир гана Бишкек шаарындагылар келет.

Курултайда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык президенттик кызматтагы ишине жана азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдыгына баа берилмекчи.

Тизмеде саясий партиялардан «Аалам», «Таза коом», «Ата-Журт», «Замандаш», «Ата- Мекен», «Кыргызстан» жана башка партиялар бар.

Программа төрт саатка созулат.

Copyright © 2017 Maral FM