Биз менен байланышыңыз

Президенттин кызматка киришкенине 1 жыл

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 778 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 1 жыл болду. Ушул күндү эксперттер Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкө башчы тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берген күн катары сыпатташат.

Салтанаттуу иш-чарага эл баатырлары, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, парламент депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышкан. Ошондой эле, президенттин ант берүү аземине чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери да катышкан.

Инагурация “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп, алпысынан 450 конок чакырылган.

Кошумчалай кетсек, Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо 54,22% менен жеңип чыккан. Азыркы мамлекет башчы КСДП партиясынан талапкер катары чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM