Биз менен байланышыңыз

Президенттин кызматтагы бир жылы

Күн чекит | 23 Ноя 2018 | 869 | 0

24-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий киришкенине туура бир жыл болот. Жээнбеков башкарган бул аралыкта өлкөдө кандай өзгөрүүлөр жана кемчиликтер болду? Бул тууралуу «Күн чекит» программасында мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиев айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков башкарган бир жыл кандай өттү? Жеке сиздин эсиңизде эмнеси менен калды?

Биринчиден учурдагы президент авторитардык режимден демократиялык режимге өттү. Себеби өлкө башчы эл менен кеңири сүйлөшүп, ар тармактын өкүлдөрү менен жеке өзү жолугуп жатат. Андан бир гана маалымат албастан кеңеш алып жатканын айтууда. Өткөн жолу Кыргызстандын мурдагы төрагалары жана премьер-министрлери менен кезигишти. Ошол жерде дагы келечекти карай жакшы сөздөр болду. Бул абдан жакшы нерсе. Экинчиден оркоюп көрүнүп калган коррупция менен күрөштү баштаганы болду. Бул президентибиздин эң чоң платформасы болуп калды.

-Тышкы саясатка келсек. Башка өлкөлөр менен артта калган алака бир жылда жакшырып кете алдыбы?

Коңшу Өзбекстан менен тоңуп турган мамилебиз ээрип бир нукка түштү. Артта калган бир жылда алар менен жакшы сүйлөшүүлөр болду. Эки өлкөнүн элине кандай жакшы болду? Муну айтып кетишибиз керек. Казакстан менен жылуу мамиледебиз. Мунун баары биздин экономиканы алдыга жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Ошондой эле коопсуздук маселелери дагы жакшы чечилип жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ичинде Кыргызстандын алгылыктуу иштерин көрүп турам.

-Анткен менен өлкөнүн экономикасындагы өсүштөр басаңдап жатпайбы.

Азыр президент 2020-2040-жылдарга жаңы стратегиялык долбоорду бекитти. Эми ошол стратегиянын алкагында өкмөт өзүнүн ишин көрсөтүшү керек. Албетте бир жылда ири долбоор ишке ашып кетсин дегенден алысмын. Бирок инвестицияны жакшыртыш керек. Себеби бизде тыштан келген инвестиция дээрлик жок болуп жатат. Ички инвесторлорго эмдигиче толук жол ачыла элек. Ушул жагынан ишкерлерге жакшы шарт түзүп берүү керек.

Маегиңизге рахмат!

 

 

Copyright © 2017 Maral FM