Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге таандык делген дачага уруксат кагазы берилген эмес

Саясат | 23 Ноя 2018 | 813 | 0

Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында  экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык делген дачага уруксат кагаздары берилген эмес. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин трибунасында депутат Наталья Никитенко айтып чыкты.

Парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык делген дача тууралуу маселени көтөрдү. Бирок Кой-Таштагы эмес, бул жолу Ала-Арча мамлекеттик резиденциясындагы дача жөнүндө сөз болууда. Мындай маалымат эл өкүлүнө «Биздин укук» коомдук фондунан келгенин жана бул маалыматтын чын-төгүнүн тактап берүүнү өкмөттүн өкүлүнө тапшырды.

Мага жарандар кайрылды. «Биздин укук» коомдук фонду бул дача тууралуу Бишкек башкы архитектурасынан жооп алышкан экен. Анда Бишкек шаардык башкы архитектура мамлекеттик Ала-Арча резиденциясына дача куруу боюнча уруксат кагазы берилген эмес. Ошондой эле Мамлекеттик курулуш агенттиги тийиштүү экспертизаларды жүргүзгөн эмес. Жарандардын кайрылуусунун негизинде тийиштүү органдардын мага толук маалыматты берүүңүздөрдү өтүнөм.     

Бул тариздеги маалымат уюмга адвокаттар бюросунан келген жана кайрылуу тийиштүү органга жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында Бишкек башкы архитектурасынан кийин, Жогорку Кеңештеги депутаттарга да жөнөтүлгөн. Уюмдун жетекчиси  Калича Өмүралиева бул жерди басып алуу экенин айтып, 16-ноябрда Башкы прокуратурага кат жөнөттү.

Бул дачаны курууга Бишкек башкы архитектурасы уруксат бербептир. А мыйзам боюнча курулуп жаткан объектилердин долбоорлору, экспертиза жана уруксат кагаздары сөзсүз болушу керек.  Мен азыр бул үйдүн кантип салынганына таң калып отурам. Эгер мыйзамсыз болсо чара көрүлсүн. Керек десе сүрдүрүлсүн. Бул боюнча суроолор абдан көп. Ошондуктан Башкы прокуратурага кат жолдодум. 

Бул маалыматты Бишкек башкы архитектурасы дагы тастыктап жатат. Мекеменин маалымат катчысы Ринат Шамсудинов бул жерде кандай курулуш жүргөнүн жана ким ээлик кылаары тууралуу маалымат жок деди.

Бишкек башкы архитектурасынын архивинде Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясындагы 17- номурлуу конок үйү тууралуу маалыматтар жок.  Биз тараптан Адвокаттар бюросунун кайрылуусуна дачага эч кандай уруксат кагаздары берилген эместиги боюнча жооп берилген. Кечээ болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган  Google картадан №17и дача экс-президент Алмазбек Атамбаевдики деп чыгууда. Биздеги архивдик документтер боюнча ал даректеги үй президенттин иш башкармалыгына карайт жана бул турак-жай конок үй болуп саналат. Анын уруксат кагаздарынын пакети иш башкармалыктын  2017-жылдагы кайрылуусунун негизинде  даярдалган. Бирок ага учурда ким ээлик кылаары боюнча маалыматыбыз жок.

Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган штабы болсо, бул дача үчүн  уруксат кагаздар толук бар деп жатат. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева бизди Өкмөттүн 2016-жылдагы токтомун жана Бишкек башкы архитектурасынын 2017-жылдагы уруксат кагазынын көчүрмөсү менен тааныштырды. Бул жерде кезектеги экс-президентти каралоо аракети деп, буларга токтолду.

Резиденциядагы Алмазбек Атамбаев үчүн деп курулган дачанын курулуш иштеринин башынан аягына чейин президенттин иш башкармалыгы турган. Анан кантип расмий орган колунда документи жок курулушту баштамак эле? Бул жөн эле Атамбаевди каралоо. Бул дача Атамбаевдин жеке менчиги эмес. Бул мамлекетке карайт.  

Анткен менен Жолдубаева тааныштырган уруксат кагаз резиденциядагы №17 үйгө эмес  №1 экенин айта кетүү керек.

Бирок бул боюнча учурда президенттин иш башкармалыгы эч кандай комментарий бере элек.

Эгер бул дача мыйзамсыз курулганы аныкталса, президенттин иш башкармалыгынын жоопкерчилиги каралууга тийиш. Муну Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү  депутат Рыскелди Момбеков айтууда. Ал бир гана бул эмес 5-10 жыл мурун  салынган курулуштар дагы текшерүүгө алынышы керек деди.

Эгерде бул дача эч кандай уруксат кагазы алынбай туруп салынса анда анын жоопкерчилиги каралышы керек. Эң алдын уруксат кагазын бериши керек болгон кишилердин жоопкерчилиги каралууга тийиш. Анткени бул аймактын баары президенттин иш башкармалыгына тиешелүү. Турусбек Коеналиев жооп бериши керек. Бул маселе көтөрүлгөндөн кийин резиденциянын ичиндеги бардык үйлөр каралып чыгышы керек. Ал үчүн балким атайын жумушчу топ түзүү зарыл.
Эми бул маселени Башкы прокуратура толук иликтеп чыгат.

Эскерте кетсек, бул дачанын толук аянты канча экени белгисиз. Бирок экс-президент үчүн дача 89 млн 300миң сомго бааланган.  Бирок ага кеткен каражат бюджеттен алынган эмес.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM