Биз менен байланышыңыз

Орусиянын башкы чалгынчысы дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 774 | 0

Орусиянын Башкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Игорь Коробов 62 жашында каза болду. Расмий маалыматтарда ал узак убактан бери жабыркап келе жаткан оорудан улам каза болгону айтылып жатат. Бирок чынында анын жүрөгү кармап мерт болгонун кээ бир булактар жарыялашты.

Эми Башкы штабдын башкы чалгындоо кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп адмирал Игорь Костюков дайындалды.

Соңку жылдары дарегине көптөгөн сындар, айыптар тагылып жаткан орус чалгын кызматынын каза болгон жетекчиси Коробов АКШ тараптан санкцияга дуушар болгон эле. Ага 2016-жылдагы Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген жүйө себеп болгон. Мындан сырткары Европадагы белгилүү эл аралык уюмдардын интернет сайттарына кибер чабуул боюнча, ал эми Англияда тыңчы Скрипаль менен кызынын уулануусуна да дал ушул кызмат айыпталып, көп жактуу кысымдарга дуушар болгон.

Адмирал Костюковдун толук кандуу жетекчиликке дайындалышы тууралуу Президенттик аппаратка билдирүү жөнөтүлүп, өлкө башчы Владимир Путин жакында кол коеру кутүлүүдө. Костюков аскердик чалгын кызматтарында тажрыйбасы мол жетекчилерден. Ал Сириядагы согуштук операцияларды жетектөө иштерине да активдүү катышкан. 2017-жылы ага Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM