Биз менен байланышыңыз

«Кытайда Токтакун Аблетти кыргыз жараны экенине карабай камап коюшту»

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 1211 | 0

Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында Кытайдагы саясий лагерлерде камалган жакындары боюнча кайрылып жаткан кыргыз, казак жарандары Европадан келген журналисттердин да катышуусунда пресс-конференция беришти. Жүздөгөн жарандар Казакстандагы «Ата Журт жаштары» демилгечилер тобу уюштурган жыйында дайыны билинбей жаткан туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүшүп, алардын жагдайын тааныштырышты.

Кыргызстандан катышкан топтун мүчөсү Муслихиддин Салимов досу Токтакун Аблеттин жайын түшүндүрдү. Анын айтымында, Токтакун Аблет өткөн жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Бирок анын атасын «кайра тарбиялоо» лагерине камап, баласы Кыргызстандан келсе гана коё берерин айтышкан. Атасын куткаруу үчүн барууга аргасыз болгон Токтакун Аблет чек арадан кирери менен кармалып, ошол бойдон дайынсыз. Үй-бүлөсү менен да жолугушкан эмес, атасын да көргөн эмес. Ал эми атасы дагы деле камоодо жатат.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылганда алар Аблеттин Кытай жарандыгынан чыкпаганын, демек Кытай өз жарандарына жасаган иштерине кирише албай турганын билдиришкен.

Салимов: «Эгер Аблет Кытай жарандыгынан чыкпаган болсо, эмнеге ага Кыргызстандын жарандыгы берилген?»,-деген суроонун жообун ала албай келгенин айтат.

Эске салсак, акыркы эки жылда Кытайдагы этникалык жана диний азчылыктарга карата кысым күчөп, массалык түрдө саясий лагерлерге алып кирүү башталган. Мунун алкагында Кызыл-Суу кыргыз автономиялык аймагында жашаган 50 миңге жакын этникалык кыргыздар да камалганы маалымдалган. Азырынча бул маселе тууралуу кыргыз бийлиги расмий пикирин билдире элек. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги болсо камалып жаткан этникалык казактардын абалы боюнча Кытайга нота жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM