Биз менен байланышыңыз

Энергия – 1000 сом

Блог | 23 Ноя 2018 | 1504 | 0

— Эшикте күн суук, кабагыӊыз бүркөө, ийиниӊиз куушурулган, кашыӊыз үч бурчтук, үшүп атасыз, эч нерсе жакпайт, эч нерсе жакпаган үчүн ишиӊизге көӊүл жок, баары маанисиз, баары кызыксыз. Эптеп кыш чыкса экен,-деп олтурасыӊарда ээ,- деген суроо баарыбызды селт эттирген. Биз күнөөлүдөй унчукпай мугалимди караганбыз.

—  Эгер андай адамдар болгон болсо быйылкы кышты аябай көргүсү келип, бирок көрүү бактысы буюрбаган  маркумдарды эстегилечи, деп сөзүн жай бүтүргөн эле эжебиз. Ошол күндөн бери ар бир кыйынчылыкта ойго келген биринчи суроо ушул болот.

Анткени биз ал сабактан өмүрүбүзгө жетээрлик сабак алган элек…

Тирүүлүк бар, демек энергия агып жатат. Денебиздин ар бир клеткасын кыймылга келтирген эӊ баалуу энергияны Кудай бизге бекер берет. Башкача айтканда, бизге бир күнгө берилген энергияны 1000 сом деп түшүнөлү. Ал энергия кыймылдабай жатып алсаӊ дагы түгөнөт. Ошондуктан ошол «энергия- акчага» пайдалуу нерсе сатып алсакпы же бошко коротсокпу? Ага өзүӊөр жооп бергиле.

Эгер эртеӊ менен турганда эле: “Күн суук, ботинкам жыртык, жумушка дагы кечигем, уруш жейм,- деген сыяктуу негатив ойлор келсе, сиз бир күнгө берилген 1000 сомду корото баштаган болосуз.

Жок, аба ырайынын кандай болгонуна карабай ар бир абалдан позитив көрө алсаӊыз,  “Баары сонун болот, Кудайга шүгүр таӊды көрдүк” деген жагымдуу ой менен баштасаӊыз, күнүӊүздү 1000 сом коробойт, тескерисинче, үстүнө канча бир суммадагы «энергия- акча» кошулат.

Андан ары “жакшы көз жакшы нерсени көрөт, жаман көз жаман нерсени көрөт”,-деген мисалда ар бир нерседен жакшы сабак алып, дем- күч менен иштесеӊиз, 1000 сом коробой кечке жетет. Жок, интернет желедеги … “өлтүрдү, кокуй сатып кетти, сабап кетти, башын кесип кетти…” деген сыяктуу маалыматтарга үӊүлсөӊүз, өзүӊүз дагы пикир жазып, сындап, жинденип, айтышып баштасаӊыз, 1000 сомдон бир тыйын дагы калбайт. Ишиӊизден майнап жок. Майнап жок иш, ийгиликке алып барбайт. Сиз үйгө үӊкүйүп, жагымсыз абалда кайтасыз.

Адам чөнтөгүнөн 1000 сомун жоготсо өкүнөт, бирок андан да кымбат денесиндеги энергиясын өз колу менен отко ыргытат. Күн сайын… Күн сайын… Бул жеткен макоолукпу, ошол себеп  «жакшы жашоо жакшы ойдон башталат», күндү жакшы баштагыла, 1000 сомду бекер коротпогула,- деген мугалимимдин сөзүн сизге айткым келгени ошол.

Мен да сиз сыяктуу энергиямды отко ыргыткан бирөө элем. Азыр социалдык тармактардагы, теледеги жагымсыз маалыматты укпайм, көрбөйм, блогго коём. Кызыгы, ошол күнкү сабактан кийин интеллектуалдуу деӊгээлде айтылган сатираларды, комедиялуу кинолорду көргөндү үйрөнгөм. Бирок андан да мыкты энергия ала турган керемет булагым бар. Алар менин – балдарым. Балдардын дүйнөсүндө негативге орун жок. Интернет желеден качып, үйдө балаӊызды, кызыӊызды кучактаӊыз. Балдарыӊыз жок болсо, жетимдер үйүнө баш багып, балдарга мээрим төгүӊүз. Сиз аларга мээрим гана бересиз, алар сизге кучак толгон, жүрөк толгон энергия беришет. Ал эми энергия – бул акча! Сиз жоготкон 1000 сомуӊузду кайрадан таап алгандай сүйүнөсүз. Сөзсүз ошону кылыӊыз…

 

журналист, Жазгүл Жамангулова

Copyright © 2017 Maral FM