Биз менен байланышыңыз

Сыдыкбеков: «Дордойдо» унаа токтотуучу жайлар мыйзамсыз иштешет

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Ноя 2018 | 801 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын унаа токтотуучу жайлар жана муниципалдык базарлар башкармалыгы калаадагы «Айчүрөк» соода борборунун тегерегиндеги унаа токтотуучу жай кимге таандык экенин билбейт. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башкы адиси Уларбек Сыдыкбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Айчүрөктүн» айланасындагы унаа токтотуучу жайды жеке жактар конкурстун негизинде алган. Комиссиянын курамында мэриясынын унаа токтотуучу жайлар жана муниципиалдык базарлар башкармалыгы болгон эмес.

Сыдыкбеков «Дордой» базарындагы унаа токтотуучу жайлардын баары мыйзамсыз иштеп келе жатканын айтат.

«Тилекке каршы, биз ал жердеги унаа токтотуучу жайларга алынган акынын көлөмүн көзөмөлдөөгө укугубуз жок. Кубанычбек Кулматов мэр болуп турганда унаа токтотуучу жайларга алынчу акыны жоюп салганы туура эмес болгон. Анын ордуна тартипке келтириш керек болчу. Азыр эми жаңы башкармалык түзүлгөнү жатат. Ал ишин баштаса, унаа токтотуучу жайлар ирээтке келет», — дейт Сыдыкбеков.

Маалыматка ылайык, учурда унаа токтотуучу жайларды мэриянын балансына өткөрүп, бирдиктүү баа киргизүү сунушу каралып жатат. «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирсе, унаа токтотуучу жайларга видеокөзөмөл орнотулат.

Сыдыкбеков кошумчалагандай, жол тыгындарын азайтуу үчүн көп кабатуу унаа токтотуучу жайларды ачыш керек. Бирок ал үчүн  мэрияда каражат тартыш.

Copyright © 2017 Maral FM