Биз менен байланышыңыз

«Кытайдан келген 47 вагон жүктү түшүрүүгө УКМК уруксат бербей жатат»

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 4285 | 0

Темир жол аркылуу Кытайдан  келген 47 контейнер товарды «Дордой» базарына түшүрүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери уруксат бербей жатат. Бул тууралуу  «Дордой» соода-рынок комплексинин профсоюз комитетинин төрагасы Дамира Дөөлөталиева билдирди.

Анын айтымында, келген жүктөрдүн баары кыргызстандык ишкерлерге таандык. УКМК кызматкерлери жүктөрдү текшерүүгө аларын айтышып, вагондорду ачууга каршылык көрсөтүп жатышат.

— Кытай тарап менен «Милан» деген компания сүйлөшүп, 1000 вагон сураган экен. Алар болгону 100 вагонго гана уруксат бериптир. Бирок Кыргызстанга келгенден кийин УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүктөрдү текшеребиз деп, вагондон түшүрбөй жатат.

Эскерте кетсек, 8-февралда «Аламүдүн» станциясына Кытайдын Үрүмчү шаарынан 47 контейнерге жүктөлгөн товар келген. Аны тосуп алууга вице-премьер-министр Артём Новиков да катышкан. Анда Новиков бул жүктөр кыргызстандык ишкерлерге таандык экендигин айтып, акыркы 3 ай ичинде президент Садыр Жапаровдун өкмөт башчы кезиндеги тапшырмасына ылайык, жүк ташуудагы көлөмдү көбөйтүү боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү жүргөнүн белгилеген.

УКМК бул текшерүү боюнча маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM