Биз менен байланышыңыз

«Акнеттеги» чуу негиздөөчүлөрдүн мүлк талашуусунан чыккан

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 834 | 0

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Абдумажитов компаниянын айланасындагы чуу боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул жагдай мүлк талашууга байланыштуу чыккан.

“Акнеттин” негиздөөчүлөрүн бири Кубан Ажимудинов, кызматынан кыянат пайдаланып, калган эки негиздөөчү компанияны башкармалыктан алып, маалыматтарды чектеп койгон.

Акнеттин» президентинин бакшаруусунда компаниянын кирешеси, дивиденттери, төлөмдөрү азайып жатат. Буга байланыштуу негиздөөчүлөрдүн бири финансы полициясына кайрылып, текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Себеби жогорудагы көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, компанияда текшерүү иштери жүрүп, бардык документтери алынып жатканы айтылды.

Финансы полициясы арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 221- («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») беренеси менен иш козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM