Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ош мэринин жарандыгы текшерилет

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 541 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун Орусия жарандыгын алгандагынын чын-төгүнүн иликтейт. Бул тууралуу «Маралга» атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Бүгун, 22-ноябрда депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жараны болуп эсептелерин, буга далили да бар экенин айткан.

“Таалайбек Сарыбашов 1971-жылы туулгандыгы, учурда жашаган жери Новосибирскиде экени Орусиянын салык кызматынын документинде турат. Анын качан Орусиянын жарандыгын алгандыгын такташ керек. УКМК анын башка мамлекеттин жараны болуп туруп, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү, учурда Оштун мэри болуп турганын тактасын” – дейт депутат.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жараны деген маалымат тараган. Анда Сарыбашев 2004-жылы Орусиянын паспортун алып, 2016-жылдын 30-мартында алмаштырганы айтылган. Мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров, бул маалымат чындыкка жатпай турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM