Биз менен байланышыңыз

Баткен шаарында көчөлөр базарга айланган

Коом | 22 Ноя 2018 | 1074 | 0

Баткен шаарындагы борбордук көчөлөрдө башаламан соода жүрүп, тротуарлар тарып, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаралууда. Аны иретке келтирүүгө шаардык бийликтин алы жетпейби, айтор күн өткөн сайын жол боюндагы сатуучулардын саны өсүүдө. Шаардагы облустук мекемелер да бул маселеге келгенде кайдыгерлик мамиле жасайт. 

Баткен шаарынын Мухтар Нургазыев атындагы борбордук көчөсү базарга айланып калды. Алармандарга ыңгайлуу болгону менен жөө жүргүнчүлөр жана унаа башкаргандар бул көчөдөн жол таппайт.

ол тарып, бала чакасы менен келгендер өтө албайт. Өзүбүз да өтө албайбыз. Мындай болбойт да.

Товарларын жол боюна чыгарып алган сатуучулар жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратып эле тим болбостон, жол четин таштандыга да толтуруп жатышат.  Шаардын мындай баш аламандыкка туш болушу мамлекет өкүлүнүн жеткиликтүү иш алып барбай жатканынан белги берет дейт, базар башчысы Саида Матказыева.

Баш бербейт, экинчиден таза эмес. Отурган жерлерин тазалабайт. Бул мэрдин иши ал тазалышы керек. Башка шаарлардагы базарлар таптаза, биздин базар эле ушундай. Мэр иштеши керек.

Сатуучулар дүкөндөгү буюмдарын сыртка алып чыгууга аргасызбыз дешет. Анткени дүкөндүн ичинде товарлары сатылбай, жол боюна чыкканда гана соода кыбырай турганын сатуучу Гүлнара Курбанова айтты.

-Атаандаштык көп, эл сыртка үйрөнүп калган ичине киргенге эринишет. Айлак жоктон алып чыгып сатып жатабыз. Антпесе биз 15 миңди кайдан алып төлөйбүз

Деген менен шаардык бийлик алы жетишинче аракетин көрүп жатыптыр. Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Акрам Акматов, учурда Султанмурат Миңбашы, Нургазыев көчөлөрү иретке келтирилип жатканын айтты. Күн алыс рейд өткөрүлүп, жолду иретке келтирген менен, көрүнүш баягы бойдон уланууда.

Алдырып жатабыз. Мындан ары Нургазыев көчөсүндөгү жол боюндагы мыйзамсыз соода жүргүзгөндөрдү иретке келтирип, андан кийин Сайдиман Ажы көчөсүн да иретке келтиребиз. Баш ийбегендерге административдик чара көрүп, патенттерине чейин текшерген учурларыбыз болгон.

Баткен шаарында мэриядан сырткары облустук мекеме ишканалар да жайгашкан. Элге жаралып жаткан мындай ыңгайсыздыктар көп жылдан бери түйшөлтүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM