Биз менен байланышыңыз

Президенттин алдында мигранттар менен иштей турган кеңеш түзүлдү

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 800 | 0

Президентке караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, соңку жылдары чет өлкөдө иштеген мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар.

Ошондуктан мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.

Кеңеш чет жакта иштеген мигранттарды колдоо, алардын инвестиция салуусуна көмөктөшөт. Бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 9-августунда “Мекендештер” форумунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мекендештер менен иштей турган кеңеш түзүү ниетин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM