Биз менен байланышыңыз

«Кудалардын» көлөкөсү президентке тиеби?

Саясат | 21 Ноя 2018 | 940 | 0

Президенттин кудасынын бир тууганы «Альфа Телеком» ишканасынын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалып, бир жумадан кийин өз арызы менен кызматтан кетти. Бул коомчулукттун сынына кабылып, үй-бүлөлүк башкарууга баратат дегенге талкуу жаратып койду. 

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев «Альфа Телеком» ишканасынын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалып, кайра өз арызы менен кызматтан кетти. Алгач президенттин кудасынын бир тууганы кызматка дайындалышы коомчулуктун сынына кабылды. Ошол эле учурда үй-бүлөлүк башкарууга бараткандын белгиси катары сыпатташты.

Эл өкүлү Эмил Токтошев президенттин жакындары мамлекеттик башкарууга таасирин тийгизе электигин белгилеп, бирок ошентсе да ишине көлөкөсүн тийгизбеш үчүн кызматка келбей эле коюсун сунуштайт.

-Менин оюмча, азыр президенттин туугандары, куда сөөктөрү мамлекеттик кызматтарга келбей эле коюшу керек. Эгерде мамлекет башчынын ишин колдойбуз дешсе, өздөрү билип кызмат суранбай эле коюшсун. Бирок азырынча эч ким келген жок. Эки күн мурун кудасынын бир тууганы «Альфа Телеком» ишканасынын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп келе турганын укканмын. Бүгүн кайра кызматтан өз арызы менен кетти. Муну туура кылды.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков буга чейин Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен жолугушууда үй-бүлөлүк башкаруу болбойт деп кепилдик берген.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатканына далилдүү деле фактылар жок экенине токтолду.

-«Семейка» дегенге азырынча тастыкталган деле фактылар жок. Ал эми жергиликтүү бийликтерге шайлоо менен келип жатат. Алардын көз карандысыздыгы парламенттен караганда көбүрөөк. Ал эми Абжалиев боюнча туура чечим болуптур, анткени кызматта калса баары бир сөз болмок. Буга социалдык тармактардагы элдин ой-пикирлери таасирин тийгизди. Ошондуктан соцтармактар ушундай маселелерди көзөмөлдөп турушу керек. Анпесе, ушундай нерселерден үй-бүлөлүк башкаруу башталып кетүүсү мүмкүн да.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев — Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украина жана Молдовадагы элчиси болуп иштейт. Алар өз күчү менен мурун эле кызматка келгенин мурунку акыйкатчы Бактыбек Аманбаев белгилеп, үй-бүлөлүк башкаруу орун алды деген пикирди курулай доомат катары баалады.

-Келечекте мамлекеттик башкарууга Жээнбековдун таасирлери болуп калышы мүмкүн. Мындай коркунучтар бар. Бирок бизде парламенттик башкаруу. Маселелердин баары Жогорку Кеңеш аркылуу чечилет. Азыр үй-бүлөлүк клан бийликти башкарып алды деген сөз ич күйдүлүк.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу орун алды деген билдирүүлөргө  көзөмөл органдары көңүл буруп, текшерүүгө алуусу керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай билдирүүлөр өлкө коопсуздугуна, инвесторлорго терс таасирин берет.

-Алмазбек Атамбаев экс-президент болгондон кийин анын билдирүүлөрүнө эл ишенет. Ошондуктан Башкы прокуратура анын сөздөрүн талдап, эгерде аты айтылып жаткан президенттин жакындарын талдап чыксын. Туура эмес маалымат менен элди дүрбөлөңгө салгандар көбөйүп кетти. Бул өлкөнүн экономикасына деле залалын тийгизет.

Эске салсак, буга чейин Сооронбай Жээнбеков Абжалиев менен куда-сөөк экенин ырастаган, бирок анын мамлекеттик иштерге, кадр маселесине киришкени тууралуу сөздөрдү четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM