Биз менен байланышыңыз

Текебаев иши кайра каралышына ишенет

Саясат | 21 Ноя 2018 | 910 | 0

«Ата Мекен» фракциясы партия лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча президентке жана Башкы прокуратурага кат жолдоду.

Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Москвада ишкекр Леонид Маевскийдин камалышы, Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу маселелери боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Фракция Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча президентке жана Башкы прокуратурага кат жолдоду. Бул тууралуу фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, Өмүрбек Текебаевдин эркиндикке чыгышы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн кооптуулукту жаратпайт.

Текебаевдин кылмыш ишинде саясий буюртма аткарылган. Негизги доогер болгон Леонид Маевский ушул сыяктуу иш боюнча Орусияда кармалып, камакта отурат. Ал Текебаевге жалаа жапканы үчүн 3 млн доллар каражат алганы боюнча жашыруун маалымат бар.  Президент Конституция менен иштесе, Текебаевдин эркиндикке чыгышы ал үчүн кооптуу эмес. Эгер туура эмес иштер жасалса, президент менен жөнөкөй жарандардын ортосунда деле конфликт чыгышы мүмкүн. Текебаев абактан чыгуу үчүн президенттен ырайымдуулук сурабайт. Биз мыйзам боюнча кайра карап чыгууну талап кылабыз. Мыйзам арыз жазууга тыюу салбайт. Биз кайрыла беребиз.

Мындан тышкары, Шыкмаматов экс-президент Алмазбек акыркы берген маегинде Текебаевди каматуу боюнча буюртма бергенин моюнуна алганын билдирип,  ишти кайра кароого 5 жагдай пайда болгонун белгиледи.

Айтылып жаткан беш жагдай боюнча депутат Каныбек Иаманлиев буларга токтолду:

-Биринчиси, 2019-жылы 1-январдан баштап жаңы кодекстердин күчүнө кириши. Мында кылмыш иштин формасы өзгөрөт. Ошондой эле экс-президенттин Текебаевдин иши боюнча билдирүүсү. Бул боюнча жактоочулар тийиштүү арыздарды беришет. Үчүнчүдөн Маевскийдин көрсөтмөсү эске алынып, кыргыз жарандарынын көрсөтмөлөрү эске алынбаганы Кыргызстандын суверенитетин сыйлабагандык болот. Төртүнчүдөн, депутат Жанар Акаевдеги фактылар бар. Мындан сырткары өлкө эл аралык укуктун субъектиси болгону үчүн ЖККУ, адам укуктарын коргоочу уюмдардын билдирүүлөрүн эске алышыбыз керек. Эл аралык «алдамчыны» БУУнун катчысындай тосуп алгандардын жоопкерчилигин карашыбыз керек, ал үчүн 2-3 миллион доллар сарпталган деп ойлойбуз.

Айтылган жагдайлар боюнча Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова тиешелүү документтерди чогултуп бүткөн. Анын айтымында, Текебаев сөз болгон жагдайлар ишти кайра кароого жол ачаарына ишенет.

-Ушул күнгө чейин жагдайларды топтоп, иштеп келе жатабыз. Ар бир маселеде Текебаев менен акылдашып, кеңешүүдөмүн. Ал 5 жагдай боюнча иш кайра каралат деп ишенүүдө.

Азырынча Башкы прокуратурага фракциянын каты келип түшкөнү боюнча билдирүү айтыла элек. Тактоо үчүн аталган көзөмөл органдын басма сөз кызматына кайрылганыбызда тиешелүү жетекчилер жок болгондуктан, кийинчерээк жооп берерин кабарлашты.

-Бүгүн мекемедеги кызматкерлер жумуштары көп. Эртең прокурорлордун күнү белгиленет. Ага президент катышат. Ошого даярдык көрүп жатышат. Андан соң тиешелүү жетекчилерден суроого жооп алып беребиз.

Маевскийдин камалышы ишти кайра кароого негиз боло албай турганын Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов билдирди. Бирок Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кароого болоорун кошумчалайт.

-Жаңы жагдайлар Маевскийден көрсөтмө болобу же жокпу, иш ушуга байланыштуу. Эгерде ал киши Текебаев мене Чотоновго жалаа жаап койдум эле, чынында мен эч кандай акча берген эмесмин деген көрсөтмө берсе, анда жаңы жагдайлар ачылат. 

Эске салсак, былтыр жазда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM