Биз менен байланышыңыз

Бишкек тургундарын газ менен жүргөн автобустар тейлейт

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 653 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы газ менен жүргөн 50 автобус сатып алат. Бул тууралуу шаардын транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Жунусов тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, газ менен жүргөн автобустарды сатып алууга тендер жарыяланды. Мэрия автобустарды 2019-жылы сатып алууну көздөйт. Муну менен экологияга тийгизген зыяндар азайтылат деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда шаар тургундарын 100 автобус тейлейт. Алардын кызмат кылганына 10 жылга жакын убакыт болду.

Copyright © 2017 Maral FM