Connect with us

Баткенде күнөскана кирешелүү тармакка айланды

Экономика | 21 Ноя 2018 | 1081 | 0

Баткен облусунун аймагында  күнөскана куруп иштеткен  ишкерлердин саны өсүүдө. Чакан аянттан мол киреше алган ишкерлердин саны бүгүнкү күндө облус  аймагында 345ти түзөт. Ал эми күнөсканалардын жалпы ээлеген аянты  15 гектардан ашат. Учурда күнөсканада өндүрүлгөн памидор, бадыраң, лимон бышып сатыкка чыга баштады. Дыйкандар Кыргызстандын аймагында гана эме кошуна өлкөлөргө да экспорт кылышууда.

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айыл аймагынын тургуну Жыргалбек Жунусалиев бир топ жылдардан бери күнөскана иштетип, өзүнүн киреше булагын көбөйтүп келет. Бул тармакта иштөө үчүн жаш ишкер 5 жыл атайын Түркияда окуп, ишкердик  боюнча билимин жогорулатып келген. Учурда чет жакта алган билиминин арты менен ишмердүүлүгүн өркүндөтүп, аймактын өсүп өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошууда. Айыл аймактан 80 сотых жер аянтын ижарага алып, 40 сотых жер аянтына күнөскана куруп помидор менен бадыран өстүргөн. Дыйкандын айтымында, түшүм жылдагыга салыштырмалуу мол болду. Бир түп бадыраң көчөтүнөн 30-40 кг жакын түшүм алууда. Ал эми  бир айда 6 тоннага чейин түшүм алса болот.

-Күнөсканада помидор менен бадыраң өстүрдүм. Помидор бышып калды. Июль айында эккен болсок, эми минтип жыйнап атабыз. Помидорду Россияга чейин экспорттоп жатабыз. Негизи Бишкеке алып барып жатканбыз.

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айыл аймагында күнөсканалардын  жалпы  аянты 2 гектардан ашат. Айыл аймак башчысы  Абдулазиз Ашировдун айтымында, учурда ишкерлер алгачкы түшүмдү жыйнап, жергиликтүү  базарларга сатыкка чыгарып жатышат. Мындан сырткары кошуна мамлекеттерге экспортоо жагы да каралган.

-Өзбекстандан келип 2019-жылга келишип түзүп кетишти. Даяр болгондо өздөрү жазында келишип алып кете турган болушту. Ал эми өкмөт тарабынан суу жана электр энергиясынан жардам катары жеңилдиктер бергенбиз.

Ал эми Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну жеке ишкер Бурул Эрназарова да чакан күнөсканасында лимон өстүрөт. Негизи күнөсканада лимон өстүргөн багбандар чанда гана кездешет. Ошондой болсо да лимон өстүрүүнүн сырын жакшы өздөштүргөн ишкер кесиби боюнча мугалим. Бош убактысын туура пайдалануу үчүн мындан төрт жыл мурда  жер астына 3-4 метр  терендикке күнөскана курган. Анткени жылытуу үчүн акча каражаты сарпталбайт.

-40 мүшөк топурак алып келип, жерди казып күнөскана курганыбыздын пайдасы абдан чоң болду. Анткени кышында жылытуунун кереги жок. Кышында үшүк алуудан сактап калат экен. Пленка жаап койсоң 3 градус суукка чейин чыдайт.

Лимон жылына үч ирет гүлдөп, мөмөсү ноябрь-декабрь айында бышып жетилет. Каарманыбыз өткөн жылы 20 түп лимон көчөтүнөн 20 миң киреше тапкан болсо, быйылкы жылы 30, 40 миң киреше табууну пландоодо. Мол түшүм алуу үчүн багбан өз учурунда сугарып керектүү болгон азыктарды берип турат. Жылына бир ирет зыянкечтерге каршы дарылап туруу да зарыл. Антпесе лимондун түшүмү аз болуп, сапаты начарлап кетүүсү мүмкүн.

-Көчөттү тиккенде биринчи жылы түбүнөн суу ичпейт экен.Ошондуктан жалбырагынан суу берүү керек. 21 түп лимон көчөтүм бар эле, бирөөсү кургап калды. Ошондуктан биринчи жылы сууну жакшы берүү керек. Кийинки жылдары кышында 2-3 жолу сугарып койсо болот.

Кыргыз кыштак  айыл аймагындагы ири күнөскананын аянты 1 гектарды түзөт. Күнөскана иштетүү менен жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушууда. Ошондой эле чет жакка жумуш издеп кетип жаткан мигранттардын санын кыскартууга шарт түзөт дейт аталган айыл аймактын башчысы Дастанбек Досатов.

-Эч ким бизден Россияга кеткен эмес. Эн аз дегенде 2-3 сотых күнөсканасы бар үй-бүлөлөрдүн балдары Россияда болсо, ата-энелер ошол күнөскананы иштетип турушат.

Эскерте кетсек, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында айыл чарба кызматкерлерине мамлекет тарабынан берилип жаткан жеңилдетилген насыялар  берилип келет. Мунун арты менен аймактарда жаны ишканалардын саны өсүп, жаңы жумуш орундары тузүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM