Connect with us

Баткен: Мыйзамсыз ташылып келе жаткан үч тонна лимон кармалды

Кыска кабар | 13 Апр 2021 | 1468 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун “С.Н.” аттуу тургунунун башкаруусунда бара жаткан «Мерседес-Бенц» Спринтер унаасы мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык контрабандалык лимон табылган.

Такталгандай, жүк Кыргызстандын аймагына коңшу өлкөдөн өткөрүү пунктунан сырткары аймактан киргендиги аныкталган.

Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди.

Чогултулган материалдар «Баткен» бажысынын журналына катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM