Биз менен байланышыңыз

«Мурдуңуз жалганыңызды чыгарат»

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 909 | 0

Адамдын мурдунун температурасынан анын сөзүнүн чындык же калп экенин билүүгө болот. Мындай тыянак Испаниядагы Гранада университетинин окумуштуулар тобу жүргүзгөн изилдөөдөн кийин жарыяланды.

Изилдөөгө катышкан жарандарды телефон аркылуу бирөөгө калп айттырып көрүшкөн. Маңдайына коюлган тепловизор-денедеги температуранын жайылышын аныктагыч аппарат калп айткан адамдын мурдунун табы 1.2 градуска төмөндөп, ал эми маңдайынын табы 1,5 градуска көтөрүлөрүн көрсөткөн.

Изилдөөчү Эмилио Гомездин айтымында, мурундун табынын түшүшү жалган айтууга мажбур болгон учурда толкунданганын билдирет, ал эми калп айтып жаткан учурда мээнин иштөөсү активдешкен үчүн маңдай бөлүгү ысып чыгат.

Окумуштуулардын айтымында, бул ыкма калп аныктагыч детекторго караганда он пайызга так жыйынтык берет. Анын тыянагынын тууралыгынын көрсөткүчү болсо 80% болуп саналат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM