Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков мурдагы жетекчилер менен акылдашты

Саясат | 20 Ноя 2018 | 1423 | 0

20-ноябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков  өкмөттүн жана парламенттин мурдагы жетекчилери менен жолугушту.

Кыргызстандын тарыхында президент мурдагы жетекчилер менен биринчи жолу жолукту.  Анда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков  бул жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин карап, ошондой эле келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү чакырыктарды талкуулоону сунуштоо экенин айтты.

Убагында баарыңыздар парламент менен өкмөттү жетектеп турдуңуздар. Баарыңыздардын өлкөнү өнүктүрүүдө программаңыздар болгон. Албетте, алардын көбү аткарылды. Убакыттын тардыгынан бүтпөй калгандары бар. Бүгүн биз сиздерди угалы дедик. Мамлекетте келечекте сырткы дагы, ички дагы саясатта көп чакырыктар бизди күтүп турат. Ал боюнча ой-пикир алмашалы дедим. Эл сиздерден акылды, сөздү күтөт. Баардык жактан сиздердин мол тажрыйбаңыздар бар. Бул олуттуу ресурсту өлкө үчүн сөзсүз пайдаланышыбыз керек.

Бул кездешүүнү көпчүлүк экс-спикерлер, мурдагы өкмөт башчылар жалпысынан жогорку маанайда өткөнүн белгилешти. Үч жарым саатка созулган баарлашууда ар бир өкмөттүн жана парламенттин мурдагы жетекчилерине жети мүнөткө чейин сөз берилген.

Анда мамлекеттин азыркы акыбалынан тартып, эртеңки келечегине багытталган сунуштар айтылды.

Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев конституциялык реформага токтолуп, өз сунушун берген. Өлкөнүн келечеги үчүн ар бир жетекчи идеясын берүүгө даяр адамдар көп экенин айтып берди.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү. Бул абдан жакшы нерсе. Эгерде мындан ары дагы президент ушундай кеңешип турса, эл үчүн күйгөн адамдар көп жакшы идеяларды айтат го деген ойдомун. Анын ичинде бир канчабыз пенсияга чыккан экенбиз. Ошондуктан бизде бийликке отура калалы деген оюбуз жок. Бизге эң негизгиси, республиканын келечеги жана андагы туруктуулук.

Ошол эле кезде бул жолугушуу аркылуу коомчулукка өзүн таанытуу жагы дагы камтыла кеткенин кошумчалады.

Ал эми дагы бир парламенттин төрагасы болуп иштеп кеткен Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңешке келген партиялардын иштөө тартиби жана анын ички саясаты тууралуу маселени көтөргөн.

Бүгүнкү жолугушуунун эң өзгөчөлүгү ачык сүйлөшүү болду. Көп жыл мурун жетекчи болуп отурган жетекчилердин бүгүнкү күн жана алдыңкы жылдарга карата анализ берип отурушту. Баарында жөн адам эмес экенин көрүүгө болот. Ушул жагынан өзгөчөлүк турат. Президент дагы чоң маалымат келип түшкөнүн жана ал өтө маанилүү экенин айтты. Бирок 7 мүнөт аябагандай аз болуп калды. Мен 4-5 маселени айтайын дедим эле жетишпей бирөөсүнө гана үлгүрдүм.

Парламентке төрагалык кылган жетекчилер көбүн эсе мамлекеттик башкаруу жөнүндө маселени көтөрүшсө, өкмөттү жетектеп кеткендер экономикага ыктаганын Турсунбек Чыңгышев байкаган. Эми алар берилген сунуштар иш жүзүнө ашарына чоң үмүт артууда. Анын үстүнө кийинки жолугушууда жооп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн «Маралга» билдирди.

Жыйынга келгендер толук сүйлөп бүткөндөн кийин президент баарына комментарий берип өттү. Бирок алардын баарын терең анализ кылуу үчүн дагы 3-4 саат керек эле. Анткен менен биз айткан сунуштарды жазып алганын көрдүм. Буюрса, эске алат деген ойдомун.

Ошондой эле алардын арасында жолугушуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйын беребиз дегендери дагы болду.

Эскерте кетсек, мындай форматтагы жыйын биринчи жолу өттү.  Эми келерки жыйын мурдагы өкмөт башчылар менен өзүнчө, ал эми экс-төрагалар менен башка өткөрүлөрү айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM