Биз менен байланышыңыз

Атамбаев-Жээнбеков: «достордун» доосу көбөйдү

Саясат | 20 Ноя 2018 | 1502 | 0

Мурунку мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев азыркы бийликке нааразы. Ал жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков Бакиевдин жолу менен баратканын айтып, сындады 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына бир жарым саатка чукул маек берди. Анда негизинен коомдо айтылып келе жаткан бир топ маселелерге жана саясий кырдаалдарга токтолду. Айтсак, азыркы президентти коррупция менен эмес Атамбаевге каршы күрөшүү жүргүзүп жатат деп айыптады. Ошону менен бирге бийлик Бакиевдин жолу менен баратканын айтып, ошол үчүн Алмазбек Атамбаев саясатта кала турганын билдирди.

Саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков Атамбаевдин маеги коомчулук күткөндөй эле болгонун айтып, экс-президент тирешүүгө анык эле түшкөнүн көрсөттү деди.

-Азыр Атамбаевдин электораты, артынан эрчий турган адамдар жок деп ойлоймун. Анткени өзү жетектеген КСДП партиясынын мүчөлөрү бир канчага бөлүнүп кетти. Ошону үчүн кыргыз эли Атамбаевдин мындай сөздөрүнө көнүп бүткөн. Буга президент керектүү аракеттерди жасайт деп ойлоймун. Себеби айрым бир маалыматтарды сыртка чыгаруу менен өзү президент болуп турган кездеги укук бузууларды, мыйзамды бузган жагдайларды ачыкка чыгарып жатат. Муну менен ал эки жактуу көрсөтмөлөрдү берип жатат. Бул анын чоң деле сенсациялуу көрүнүш эмес. Жээнбековду менин жолу менен эмес Бакиевдин жолу менен кетип калды деп жатат. Кайра-кайра кечээгилерди душман кыла бербей, алдыга карай өнүгөлү.

Атамбаевдин бул маегинен кийин президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилесине чекит коюлганын саясат талдоочу Эмил Жураев белгиледи.

-Эки жактын тең мамилеси кайсы бир деңгээлде бүдөмүк болуп жатты десек болот. Буга чейин деле сүйлөшпөчүдөй болуп калышты эле. Жээнбеков деле берген интервьюсунда Атамбаевге болгон таарынычын айткан. Атамбаев азыр президентке чоң масштабдагы дооматтарды коюп жатат. Чоң саясатчыга туш келбей турган сөздөрдү айтты. Муну менен экөөнүн мамилеси бүттү.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, Атамбаев айдоочусу менен жан сакчыларына эмне үчүн өлкөнүн күч органдарын башкартып койгону тууралуу суроого жооп берген жок. Ошону менен бирге саясатчыларды сот, прокурору жок эле камакка алганын мойнуна алганын кошумчалады.

-Эң көп мыйзам бузуу Атамбаев башкарып турганда болду. Ошол жөнүндө дагы айткан жок. Сырттан алынган насыя жана карыздар боюнча тескери маалымат берип койду. Мен сырттан акча алып келдим деп айтты. Музей боюнча дагы сүйлөдү. Анын акчасын ким уурдады? Музейдин каражатын, Чолпон-Ата ат майданынын акчасын жакын адамы Сапар Исаков уурдаган. Айтор, Атамбаев бул маеги менен актануусун көрсөттү. Бакиев дагы бийликтен кеткенден кийин бир жылдан соң Беларусияда маалымат жыйын берген. Атамбаевдин маеги ошону элестетти. Бирок ынанымдуу болгон жок.

Алмазбек Атамбаев болгон чындыкты айтып, коомчулукка бүдөмүк суроолорго жооп бергенин айткандар да жок эмес.  Алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев бийлик Бакиевдин жолу менен баратат деген экс-президенттин айткандарын кайталады.

-Алмазбек Шаршенович айткандай, Сооронбай Шарипович алдамчы. Буга тарых баа берет. Бул Бакиевден да жаман болот. Тарыхта Акаев саткын, Бакиев канкор болуп калды. Кечээги маегинде Алмазбек Атамбаев коомчулук күтүп жаткан баардык суроолорго так жооп берди.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай мамлекет башчыны Атамбаевге теңелбей, тескерисинче, тегерегине стратегиялык ой жүргүртө алган адамдарды чогултуп, реформаларды жасаса аброю сакталарын эскертти.

-Президент жумушун эми эле баштап жатат. Жок дегенде аракетин көрүп жатабыз. Ал киши атуулдук коом менен жолугушуп жатат. Анча-мынча өзүнө сын айтып жүргөндөрдү жумушка чакырып жатат. Эл оозунда, ушагында жүргөн кишилерди камап жатат. Бирок чоң каталарын көрө элекпиз. Атамбаев аша чаап туура эмес сүйлөп жатат. Ал өзү сунуштаган, үзөңгүлөш досу тууралуу антип айтпай эле койсо болмок. Кайра өзүнүн аброюна туура эмес. Күмөн туудуруп жатат.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев — 2011-2017-жылдары өлкөнү башкарган Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ал былтыркы президенттик шайлоо учурунда азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдоп келген.

Copyright © 2017 Maral FM