Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Жолугушуу менен президент эки максатты көздөдү

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 763 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлери менен жолугушту. Иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев анын кандай өткөндүгү боюнча “Маралга” төмөнкүлөрдү билдирди.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү. Анда Кыргызстандын абалы, андан чыгуунун жолдору айтылды деп белгиледи. Конституциялык реформа өткөрүп, курултайда мамлекеттик институт катары конституцияга киргизип, бийликти эл тарабынан көзөмөлдөөнүн жолдору айтылды деп кошумчалады.

Ошондой эле айтылган сунуштарды президенттин жакшы кабыл алгандыгын белгиледи. “Президент баарын жакшы кабыл алып, айтылган реформалар керек деди. Эми мында ары да ушундай жолугушуулар өтүп турмай болду. Бирок ага премьер-министрлер эмес, жалаң төрагалар катышат экен”, — деди Чолпонбаев.

Бул өткөрүлгөн жолугушуунун зарылчылыгы тууралуу иш-чаранын болгону жакшы деп белгиледи. Ага катышкандардын көбү пенсия курагында болуп, бийликке умтулбайт. Бизге республиканын келечеги, стабилдүүлүк, жаштардын болочогу гана керек деди.

Айрым эксперттердин “бул жолугушуу менен Жээнбеков өз командасын түзгөнү жатат” деген пикири боюнча, буларды айтты:

“Менимче, бул эки максатты көздөдү окшойт го. Биринчиси, пропагандалык максат, бийликте жүргөн мурунку адамдар менен кеңешип, алардын тажрыйбаларын үйрөнүп атат, эл көрсүн деген маанисинде болуп жатат. Анан экинчи тарабы, чындыгында жолугушуудагы адамдардан бир нерселерди күтүп атат го сыягы.”

Белгилей кетсек, жолугушуу бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин  талкуулоо максатын көздөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM