Биз менен байланышыңыз

Бишкекти «чиновниктерге көрүнбөгөн» кара түтүн каптады

Коом | 20 Ноя 2018 | 906 | 0

Жылытуу мезгили башталары менен Бишкекти кара түтүн кайра каптады. Экологдор болсо абанын булганышы эселеп өскөнүн айтып, алдын алуу чараларын көрүүгө чакырды. 

“Мув Грин” кыймылынын маалыматы боюнча Бишкектеги абанын булганышынын көрсөткүчү эселеп өстү. Эң жогорку көрсөткүчкө жеткенде Кытай, Индиядагы абанын булганганы менен бирдей деңгээлге жетет. Кыймылдын инженер-экологу Бактыгүл Стакееванын айтымында, аба кайрадан мурдагы калыбына келе баштады. Бирок эки-үч күн мурда көрсөткүч нормадан 10 эсеге көп болгон.

20-ноябрда абанын көрсөткүчү жакшырганы көрүнүшүнөн эле белгилүү. Бирок буга чейин андай болбой жаткан. Норма боюнча 1 куб метрге 35 микрограмм туура келет, ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарты боюнча 1 куб метрге 25 микрограмм туура келет. Бирок биздин аппараттар 300-400, айрым жерлерде андан да жогорку көрсөткүчтү аныктаган. Айрыкча жеке мончо иштеткен жерлерде, жаңы конуштарда жогору болчу.

Ал эми Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “МувГрин” кыймылы берген көрсөткүчтөрдү аша чапкандык деп баалайт. Жыл сайын жылытуу мезгилинде кайталанып турган кырдаал экенин айтышат. Агенттиктин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиевдин айтымында, аба өзгөрүшүн анализдөө үчүн учурда 7 кызмат иштеп жатат.

-“МувГрин” таратып жаткан маалымат аша чапкандык. Алардын аппараттары аккредитациядан өткөн эмес. Ким, кантип анализдеп жатканы белгисиз. Албетте, баары таптаза деп айта албайбыз. Кыш мезгили келгенде сөзсүз өзгөрөт. Айрыкча, автоунаалардын көбөйүшү чоң таасир этип жатат.

Бишкектеги абанын, экологиянын бузулушун айтып, бактарды кыюуга каршы буга чейин көптөгөн акциялар өткөрүлгөн. Учурда буга байланыштуу мыйзам дагы даярдалууда. “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева мурда табияттын мыйзамына ылайык, тоодон келген шамал шаарды тазалап турса, азыр асман тиреген курулуштар өз алдынча тазаланууга да бөгөт болуп жатканын белгилейт.

-Көп кабаттуу үйлөр шаар тазалоого тоскоол болуп жатат. Анткени мурда тоодон шамал келип, шаарды өз алдынча тазалап, желдетип кетсе, азыр анте албайт. Анткени көп кабаттуу үйлөр көп. Мисалы, 12-кичи райондогу чаң менен борбордогу чаңдын айрымасы чоң. Айрыкча жаңы конуштардагы чаң капкара.

Расмий маалыматтатар боюнча жыл сайын Бишкек шаарында абадагы зыяндуу кара түтүндүн көлөмү 240 тоннаны түзөт. Анын ичинен 180 тоннасы унааларга таандык. Ошондой эле абанын булганышынын акыркы кездеги эң чоң себептеринин бири жаңы конуштардагы мончолордун көбөйүшү. Буга байланыштуу мэрия атайын рейд өткөргөнү да кабарланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM