Биз менен байланышыңыз

 Бишкекте 19-23-ноябрда айрым аймактарда газ болбойт

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 561 | 0

19-23-ноябрь күндөрү Бишкектин айрым аймактарында газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы билдирди.

Анда 19-20-ноябрда Тоголок-Молдо, Щербаков, Орозбеков, ЧЧК көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ токтотулат.

20-23-ноябрда «Щербаков», «Салам-Алик», «Көлмө» жаңы конуштарында; Малышев, Күреңкеев, 2-Черепки, Беломорский;

БЧК, М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, МЧК, Кара-Жыгач бакчасы көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

№46 мектебинин от казанында; «Геодезия-1» от казанында өчүрүлөт.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM