Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин актанган жана айыптаган маеги

Саясат | 19 Ноя 2018 | 992 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалы аркылуу өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу пикирин билдирди. 

Эмнеге унчукпай келди?

Ал өз сөзүндө КСДПнын март айында өткөн сьездинде азыркы президент Сооронбай Жээнбековго өзүнүн кеңештерин айтканын, андан өзү чечим чыгаруусун, кандай иш алып баруусун күткөнүн билдирди.

-Карап көрсөм, менин кеңештеримди аткарган жок. Мен жана үй-тууралуу ар кандай жалган-жалаалар айтыла башталды. Мага карата мындай мамиле Акаев, Бакиевдердин убагында да болгон эмес. Ошол себептен чындыкты айтууга туура келди,-дейт мурдагы президент.

Кой-Таштагы үй

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташка курулган үйү тууралуу айтты. Ал «Апрель» телеканалына берген маегинде Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов Кой-Ташка ден соолукту чыңдоочу борбор куруп баштаганын айтып, аны бүтүргөнгө каражаты жетпей жатканын себеп кылып Атамбаевдин сатып алуусун сунуштаган. Анда 2,5 гектар жер болгонун, ичинде 2 кабаты бүтүп, 3 -кабаты курулуп жаткан имарат болгон.

-Мен жер үйдө эле жашагым келгенин айтсам, долбоор даяр болуп калган экен. Ошентип кол беришип, келишим түздүк. Мен ага өзүнө ыңгайлуу бааны суроосун айткам. Анда жер жеке жактан алынганын айткан эле. Кийин ал участок бир учурда Дастан ишканасына таандык болгондугун айтып, менден кечирим сурады. 

Атамбаев өзүнүн үйү тууралуу айтылып жаткан терс пикирлер таң калтырганын да жашырган жок. Ал жылына орто эсеп менен 2 миллиард сом кирешеси болорун, кааласа, чет жерден да виллаларды сатып алууга чамасы жетерин билдирди.

-Башка байлар сыяктуу Түркиядан, Англиядан, Дубайдан вилла салтып алсам болот эле. Биздин саясатчылардын, депутаттардын көбү үйсүз. Алар мүлктөрүн башкаларга катташкан. Байлыгын ачык көрсөтүп, так жашаса болбойбу? Эч жакка качууну көздөбөгөн президент өзүнүн мекенине эле үй салды. Кааласам, Босфордун жээгинен үй сатып ала алмакмын.

Атамбаев мындан тышкары бай достору менен бирге Бишкектин 7-кичи районуна мечит салып жатканын айтты. Аны буга чейин убадалагандай, 7-апрель окуясынын баатырларына арнаганын билдирди. Өзү чынчыл экенин, бирөөгө каттатып, сырттан үй ала турган адам эмес экенин белгиледи. Анын мүлкү тууралуу терс пикирди айткандар ичкүйдүлүк кылып жатышканын, андай адат Кудайга да жакпасын айтты.

Бишкек ЖЭБи тууралуу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жылуулук борборундагы жагдай тууралуу айтты. Анда ал окуя болгон учурда премьер-министри Сооронбай Жээнбеков болуп турганын баса белгиледи. Жылуулук борборго кеткен каражатка токтолуп, кошуна өлкөлөрдүн мисалында анын арзан баада курулганын айтып өттү. Бул кырсыктын айынан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камалганын, бийликтин максаты ушул болгонун айтты.

-Эгерде Бишкек жылуулук борбору модернизациядан өтпөсө, борбордо апаат болмок. Жолдор, суу түтүктөрү, бардык жерлер тоңмок. Ошол себептүү реконструкция иши Бишкекти сактап калды,-дейт Атамбаев.

«Белизгейт»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Белизгейт» чуусу тууралуу пикирин билдирди. Анда ал: «Мындан бир канча күн мурун мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда эч кандай буйрук бербегендигин айтты»,-деп өзү эч качан көрсөтмө бербестигин айтты. Ал ар дайым тыкыр текшерүү керектигин айтып келгенин билдирди.

-Абдил Сегизбаев документтерди фальсификация кылуу менен алектенген эмес. Президент болуп турганда эгер Белизден келген документ жасалма болуп чыкса, жоопко тартыларын айткан. Балким, ортодо башка бирөөлөр башка иштерди жасаган болушу мүмкүн. Бирок Сегизбаев эч кандай жасалма документ жасаган эмес,-деди президент.

 

«Жээнбеков Мырзакматовдун жанында көлөдөй болуп турчу»

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2010-жылы Ош окуясында бир гана карьерасын эмес, өмүрүн да тобокелчиликке салганын айтканы боюнча Атамбаев буларга токтолду.

-Шайлоодон алдын Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болгон. 2010-жылы Мелис Мырзакматовдун жанында көлөкө гана болуп турат болчу. Ал учурда мага кыргыз жана өзбек коомчулугу Жээнбеков тууралуу эч нерсе айткан эмес. Ал коомчулукта такыр болбогондой жүргөн. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов тууралуу  пикирлерди айтышкан.

Жээнбековдун “ал “досум” жана “партиялашым” деген сөздөрдү колдонууну жактырат. Бирок чыныгы достор, партиялаштар мындай аракетке барбайт” деп берген интервьюсу боюнча Алмазбек Атамбаев мындай деди:

-Биз Жээнбеков менен 24 жыл достошконбуз. Мен анын депутат болгон кезин көрдүм. Вице-спикер, 2007-жылы премьер-министр болду. Анын суранычы менен агасы Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат, 2 жолу спикер, ал эми өзү президент болду. Чоң байкесин 2 жолу элчи кылып дайындадым. Кээ бир адамдар бар көп жылдар бою достордун аркасына туруп жашашат. Кийинчерээк мамиле башкача болуп кетет. Бул нерсе Жээнбековго тиешелүү.

 

Текебаев боюнча мыйзамга карабасам деле болмок

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев  «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча да оюн билдирди.

Ал Текебаев боюнча мыйзамга карабай эле койсо болорун моюнга алды.

«Текебаев боюнча мыйзамдын негизинде баары далилденген. Мыйзамга карабай деле койсом болмок экен. Анын тарапташтары да миллиондор тууралуу айтышкан. Мен укук коргоо органдарына ар дайым мыйзамга карагыла дечүмүн»,— дейт Атамбаев.

Эске салсак, «Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев коррупцияга айыпталып соттолгон.

 

«Жээнбеков Бакиевдин жолун улантып жатат»

 

Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде Сооронбай Жээнбеков элди алдаган. Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” каналына берген маегинде билдирди. Анын белгилешинче, азыркы мамлекет башчы Бакиевдин жолу менен бара жатат. Атамбаевдин ишин улантпай жатканын айтты.

-Мен сьездде да анын өзүнө айткам. Бирок азыр Бакиевдин жолун улап жатат. Ошол эле бир туугандардын бийликке аралашканын да көрүүдөбүз,-деди ал.

 

 

«Кыргызстанды парламенттик өлкө кылууга жетишкен жокмун»

 

Конституцияны өзгөртүү маселесин көтөрүү менен каршылаштарыңыз көбөйдү, бул нерсеге өкүнбөйсүзбү деген соболго экс-президент Алмазбек Атамбаев мындайча пикирин калтырды.

Ал Конституцияны өзгөртүү менен көп ыйгарым укуктар, премьер-министр жана парламентте болмок деген оюн билдирди. Ал буга мисал катары: «Жакында гана Кыргызстанды парламенттик өлкө кылам дегенге каршы болуп жүргөн бирөө менен кезигип калдым. Ал мамлекетти парламенттик өлкө кылуу керектигин айтты. Мен ага «ошону кааласам, каршы чыктыңар» дедим. Ал болсо «анткени сиз премьер-министр болосуз деп ойлогонбуз», — деди.

Атамбаев мындан тышкары, кызматтан кеткенден кийин премьер- министр болуу такыр оюнда болгон эместигин белгиледи.

«Парламенттик өлкө кылуу боюнча ишимди аягына чыгарбаганыма өкүнөм. Себеби күчтүү, реалдуу парламенттик өлкөдө депутаттар президент катары каршы тура алышат. Ошондо гана соттук реформа болот».

 -Сот системасын реформалоо үчүн каржылоону 5 эсеге көбөйткөм. Аймактардан шаарга көчүрүп келип көргөм, өзгөрүү болгон жок. Атамбаев сот реформасын кылбады деп айтышат, эгерде парламенттик өлкө кылганда, анда өзгөрмөк. Конституцияны өзгөртпөсө, сот системасы жакшы болбойт», — деди маегинде.

 

«Илмияновдун оозун жабуу үчүн камашты»

 

«Икрамжан Илмиянов акча керек болгондо менден алышын, бай экенимди билген. Балким, ал кандайдыр бир маселени чече алышын көрсөткүсү келгендир. Анын пара алганына ишенбейм. Коррупциядан улам эмес, президенттик шайлоодогу көмүскө иштердин билген үчүн камады.» Мындай пикирин мурунку президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Илмияновго коюлган айыптоолор жалган. Аны оозун жабуу үчүн камашты. Ал түрмөдөн чыкканда чындыкты айтаарына ишенет.

Экс-президент «Акаев, Бакиевдин убагында үй-бүлөлүк кландык система болуп, Атамбаевдикинде күзөтчү, айдоочусу болду» деген пикирге мындай жооп берди.

«Икрамдын уюштуруучулук таланты болгон. Ал эми андан башкасы айдоочу болуп иштеп келишет. Ал эми мурдагы 2 күзөтчүм тууралуу айтсам, Болот Сүйүнбаев УКМКнын төрагасынын орун басары. Ал кызматка баргандан кийин УКМКдан туура, чын маалыматтарды ала баштадым. Ал эми Улан Исраилов Ички иштер министри болуп турганда кылмыштардын эсебин түздү, — деп билдирди Атамбаев.

Ошондой эле Болот Сүйүнбаев тууралуу ушактар чыгарын, ага акча керек болсо айт дегенин  кошумчалады.

 

«Атамбаев сырткы мамилени бузду» деген пикирге өзү жооп берди

 

Атамбаев өзүнүн президенттик учурундагы тышкы мамиле боюнча да кеп кылды. Анда ал кызматка келген учурда Орусия менен мамиле солгундап калганын, кийин бир жолго салынганын айтты. Экс-президенттин айтканына таянсак, башында Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов менен да мамиле жаман эле. Кийин жаңы президент кызматка киришкенде алака жакшыра баштаган.

-Мирзиёев менен мамилени мен жакшырттым. Ал ортодогу кырдаалды ал өзгөрттү. Мирзиёев 10 жылдын ишин 2 жыл ичинде кылды. Борбордук Азияда бурулуш жасай алды.

Атамбаев Түркия менен болгон алака тууралуу да сөз кылып, президент Режеп Тайип Эрдоганга дайым ыраазы экенин ачыктады. Себеби ал 50 миллион доллар карызды кечип, «Ыйман» фондуна, улуттук музейге гранттык акча которгон. Жада калса, ал Атамбаевдин жеке өзүнө жардамчы болгонун, мыйзамсыз эле тоңдурулган акчаларынын кайтарып бердирткенин айтты.

-Мен Түркиянын тышкы иштер министринин кылганына ачуулангам. Биринчиден, түрк тарап орусиялык учакты атып түшүргөнүн туура эмес деп чыккам. Ошондон кийин бардык гезиттеринде мени жамандап жазышты. Жарым жылдан кийин өздөрү туура эмес кылышканын мойнуна алышты. Анан дагы “Себат” лицейлеринин жабылбашы керектигин айттым. Себеби бул аймактагы мыкты билим берүүчү мекеме. Анын 30 пайызын Билим берүү минитрлигине өткөрүп, директорлор кеңешине кошулуусун мен тапшыргам, Жээнбеков эмес.

Ал эми Казакстан менен болгон мамиленин солгундашын ал өлкөнүн Кыргызстандагы шайлоого кийлигишүүсү менен байланыштырды.

Эгер кошуна өлкө биздин талапкерлердин бирөөсүн тандап, аны ачык колдосо, бул кийлигишүү эмеспи. 2010-жылы парламенттик шайлоодо, 2011-жылы президенттик шайлоодо биздикилер каражат алганын билем. Ооба, кошуна, бай өлкө. А биздин көзкарандысыздыгыбыз кайда? Парламенттик шайлоодо буга чейин кошуналарда акча алганын билебиз. Бул аракеттерге чекит коюшубуз керек. Эмки шайлоодо ачык кийлигишүү болбойт,-деди Атамбаев.

Ал өз сөзүндө президент Нурсултан Назарбаев менен болгон жеке мамилесинин бузулушу өлкөлөрдүн алакасына таасир этпестигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM