Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүктөр жапайы мөмө жемиштерди иштетүүгө өтөт

Экономика | 19 Ноя 2018 | 1329 | 1

Ысык-Көлдө мөмө- жемиш, жер жемиштердин баасы төмөндөп жаткандыктан жергиликтүү жашоочулар эми жаӊы ыкмага өтө башташты. Анда иштетилбей жаткан токой чарбаларын өздөштүрүп, жапайы мөмө жемиштерди, дары чөптөрдү иштетишет.

Жети-Ѳгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Жипар Иманбекова үй бүлөсү менен картошка айдап киреше тапчу. Быйыл жер жемиштин баасы бир кыйла төмөндөп кеткендиктен  жылдагыдай кышка камылга жок. Андыктан айылдагы токой чарбада өскөн жапайы мөмө жемиштерди чогултуп, кымбат баада сатып жаткан учуру.

-Ѳзүбүз жеке менчик жерибизге картошка айдаганыбыз менен быйыл баасы чыкпай калды. Бир айдан бери тегерегимде жашаган кошуналарым менен биргеликте тоодон бөрү карагат, чычырканак, ит мурун жыйнап кымбат баада сатып жатабыз. Ѳзүбүзгө пайда түшөт экен. Эгерде айылыбызга кичи цех ачып иштете турган болсок бир топ киреше алып келмек.

Жипар Иманбекова сыяктуу эле облустагы бир нече жашоочулар да жапайы мөмө жемиштерди сатып пайда табуунун жаӊы ыкмасына өтө баштады. Анткени Ак-Суу районунда 2 жылдан бери кайра иштетүүчү кичи ишкана иштеп жатат. Алгач мөмө жемиш менен дары чөптөрдүн 18 түрүн сыноодон өткөрүп, суроо талап менен анын 5 түрү өндүрүлүп жаткандыгын Ак-Суу токойчулугунун өкүлү Жаӊыл Султанова билдирди.

Биз өндүргөн продукциябызды Бишкек шаарында болгон эл аралык жарманкеге коюп, өзүбүздү сынап көрдүк. Анын алкагында 18 түрдүн ичинен 5нү иштеп чыгаруу жолун тандап алдык. Алар: кызыл карагайдын тобурчагы, кызыл калина, рябина, роза гүлү жана чычырканак. Эми ушул боюнча көлөмүн көбөйтүп эл аралык хассп стандартка ылайык сатыкка чыгаралы деп жатабыз.

Атап айтканда азыр чычырканактын 1 килосу 100 сомго чамаласа, ит мурундуку 35, бөрү карагат 30 сомдон алынат. Аны кайра иштетүүдө  250 миллиграм кыям 150-дөн 250 сомго чейин бааланат.  Технологиялык жаткан алгач JICA эл аралык долбоорунун «Бир айыл, бир продукт» ассоциациясынын мүчөлөрү көмөк көгөзгөн. Бүгүнкү күндө чет элдик базарларга чыгаруу үчүн көлөмдү дагы көбөйтүү керек. Ал үчүн Жети-Ѳгүз, Балыкчы токой чарбаларына да кичи цехтерди ачуу зарыл. Эгер ишке ашып кетсе Ысык-Көлдүн экологиялык таза продукциясына суроо талап күч болмок, деди Япониялык серепчи Жунко Ишикова:

Ысык-Көл облусу табигый ресурстарга өтө бай келет. Анын ичинде кадимки жана жапайы өскөн мөмө жемиштер кездешет. Бүгүнкү күндө жашоочулар бул продукцияны үй шартында эле колдонуп келишет. Айта турганым, аларды кайра иштетип ички жана сырткы рынокко чыгарса кирешелүү болмок. Ал үчүн башка райондорго да ишканаларды ачып, биргеликте иштөө керек.  Анткени дүйнө эли экологиялык, оргоникалык таза продукцияны талап кылышууда. Бул багытта Кыргызстандын потенциалы чоӊ.

Деген менен облустагы ишкерлер жапайы мөмө жемиштерди кайра иштетип, ички базардан орун табарына көзү жетсе, чет өлкөгө экспорттоодон күмөн санашат. Бирок кандай болгон күндө дагы хассп системасынын сертификатын алуу керек. Ал үчүн ишкерлер атайын окуудан өтүп, алдыга умтулуусу керек деди, коомдук тамактануу азыктануу боюнча технолог Мунара Азизова:

-Кайра иштетүүдө кайсы цех, имарат же жабдуу болбосун эӊ биринчи кеӊеш берүүчү адамдарды чакыруу маанилүү. Анда керектеле турган жабдуулар бири бири менен, ар бир продукциянын талаптары дал келсе Евразия өлкөлөрүнө жарамдуу деген белги берилет. Андан соӊ бул белгидеги товарлар Евразия экономикалык союзга кирген өлкөлөргө чыгарууга шарт түзүлөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Азим

    11.12.2018 19:39

    Туура,оокат кылыш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM