Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин билдирүүсү бөлүнүүгө алып келеби?

Саясат | 19 Ноя 2018 | 1282 | 0

Бүгүн кечки саат 21.00дө экс-президент Алмазбек Атамбаев жалпы элге телеканал аркылуу кайрылуу жасайт.«Апрель» телеканалы аркылуу экс-президент бүгүн кечки саат тогузда Алмазбек Атамбаев элге кайрылуу жасайт. Анда экс-президент кайсы негизги маселелерге токтолушу мүмкүн? Бул боюнча саясатчылардын пикирин сунуштайбыз. Себеби билдирүү саясатка чоң өзгөрүүлөрдү алып келиши ыктымал деген кептер чыгууда.

Саясат таануучу Турат Акимов бул жолу Атамбаев элдешүүгө чакырган билдирүү жасайт деп эсептейт. Ошол эле кезде эң көп президент Сооронбай Жээнбековго токтолуп, кыр көрсөтүшү мүмкүн дейт.

Атамбаев өзүн олуя катары көрсөткүсү келет. Анан албетте ортобузда ызы-чуу болушу мүмүкүн. Бирок андан алыс бололу деп элди тынчтыкка чакырат. Экинчи жагынан учурдагы президентке кырын көрсөтөт. Анткени алардын ортосунда тирешүү бар. Үчүнчүдөн өзү жасаган жакшы иштерди дагы бир ирет белгилеп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салымы чоң экенин айтат. 

Ал эми мамлекеттик жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев , Атамбаевдин бул кадамын өз аброюн көтөрүү аракети катары баалайт. Бүгүн дагы ушул максаттагы сөздөрдү айтаарын күтүүдө. Себеби соңку кездери экс-президенттин дарегине түрдүү пикирлер айтылып, ирээнжиткен учурлар көбөйгөн.

Атамбаев өз кызыкчылыгына жараша көп фактыларды бурмалап айтып койгон жайы бар. Мен ойлойм азыр дагы документ таратканына байланыштуу учурдагы саясий кырдаалга ыңгайлашкан эле маалыматтарды берет болсо керек. Чындыкты айтат деп күткөн жокмун.  

Анткен менен экс-президент кандай гана пикир айтпасын, бул коомчулукту кызыктырбай калган мезгил келгенин Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун белгилейт. Ошондуктан бул Атамбаевдин айланасындагы гана адамдар үчүн маанилүү болбосо, билдирүүнүн деле орду жок деген ойдо.

Эми экс-президенттин сөзү Кыргызстандыктарды кызыктырбай калган. Бирок ал киши позитивдүү сөздөрдү айтаарына ишенбейм. Бул жолу азыркы бийликтен кынтык таап, жаманатты кылуу аракетин көрөт. Жээнбековго караганда жакшы иштегем деген сөздөрү менен актанганга аракет кылат.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясатчы Азимбек Бекназаров эки ажонун ортосундагы тиреш элдин ортосундагы бөлүнүүгө дагы чоң  жарака алып келерин, бул күн өткөн сайын саясаттагы кырдаалды курчутуп баратканын байкоодо.  Анын пикиринде, мунун арты жакшылыкка алып барбайт.

Мен эки президенттин ортосунда ажырым кеткенин толук түшүндүм. Ажырым толук кетти. Экөө мындан ары бир үстөлгө отура албайт. Ошондуктан коомдо Атамбаев жана Жээнбеков тарап болуп, бөлүнүү болот. Аны экс-президент көздөп турат. Андыктан мекенчил күчтөр Кыргызстанды бөлүп-жарууга жол бербешибиз керек.

Ушул эле суроого шаар тургундары эмне дейт? Аларды Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаал жана ага карата экс-президенттин билдирүүсү  кызыктырабы?

Мен саясатка кызыкпайм;

-Экс-президент бүгүн сүйлөйт деп уккам. Эмнени сүйлөйт билбейм…. Саясат дагы шумдук болуп жатпайбы… Эки президенттин өз ара келишпестиктери болушу мүмкүн;

-Эки ажо бири-бирин жамандай турганы белгилүү. Анан балык башынан сасыйт дегендей… Президенттерибиздин ыркы кетип жатса, калганыбыз эмне болобуз… Булар тескерсинче элге үлгү көрсөтүшү керек эле;

— Билбейм… Балким кайра бийликке келем деп жатса керек да…

Буга чейин «Апрель ТВ» каналы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маегинен үзүндүнү  жарыялаган эле. Ал 18-ноябрда азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берген.

 

Copyright © 2017 Maral FM