Биз менен байланышыңыз

Агенттик: бензин эмес, газ менен жүргөн унаа колдонуу каралууда

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 685 | 0

Бишкек шаарындагы кара түтүндүн 90 пайызын унаалар бөлүп чыгарат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Шаардагы абадагы зыяндуу кара түтүндүн жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзөт. Анын 180 миң тоннасы унаалардан чыгат.

Мындан улам шаардагы кичиавтобустарды газ менен жүргөн көп орундуу автобустарга, троллейбустарга алмаштыруу маселеси каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM