Биз менен байланышыңыз

Жол кирени көтөрүү боюнча токтом шаардык кеңешке түшө элек

Коом | 24 Фев 2021 | 783 | 0

Бишкек мэриясы 20-февралда «Коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү жөнүндө» токтом долбоору шаар бийлигинин алдында түзүлгөн жумушчу топ  жана шаардык кеңеш тарабынан элдин да, айдоочулардын да кызыкчылыгын эске алуу менен иштелип чыкканын жарыялаган.

Мэрия тараткан билдирүүгө ылайык, жаңы токтом долбоорунда автобус жана троллейбустардын жол киресин 11 сомго, маршруттук кичи автобустардын жол киресин 15 сомго көтөрүү сунушталган. Маалымат чыгары менен социалдык тармактарга желдей тарап, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.

Мындан көп өтпөй Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, мэриянын билдирүүсүн четке какты. Анын айтымында, шаардык кеңеш эч кандай токтом долбоорун даярдаган жок.

«Бааны көтөрүү боюнча жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгын биз көрө элекпиз. Коомдук транспорттогу жол кире тарифин жогорулатуу боюнча Бишкек шаардык кеңеши эч кандай токтом долбоорун даярдаган жок. Ар түрдүү тарифтер, анын ичинде айтылып жаткан 11, 13-15 сомго кымбаттатуу боюнча тарап жаткан маалыматтар жалган. Азыркы тапта шаардык кеңештин депутаттары жана аппараты эч кандай документ даярдаган жок жана даяры да келип түшкөн жок». 

Токтом долбоору келип түшкөн күндө да шаардык кеңеш карай албай турганы белгилүү. Себеби, мөөнөтү бүтөрүнө жарым жыл калганда шаардын депутаттары ар кандай социалдык маселелерге байланыштуу чечимдерди кабыл албасы мыйзамда так көрсөтүлгөн.

Ал арада тариф боюнча иш алып барып жаткан мекемелер аралык жумушчу топко үч сунуш келип түшкөнү белгилүү болду. Биринчисинде, муниципалдык транспорттун жол киресин 11 сомго, маршруттук таксинин жол киресин 15 сомго көтөрүү, экинчисинде, автобус менен троллейбустарды 10 сом кылып, ал эми машруткаларды 12 сомго көтөрүү, үчүнчүсүндө, учурдагы социалдык-экономикалык кыйын кырдаалды эске алуу менен азыркы жол кирени сактап туруу сунушталган.

Айдоочулардын жол кирени көтөрүү маселеси боюнча мекемелер аралык комиссия иштеп жатканын, алардын корутундусу эки жуманын ичинде Экономика жана финансы министрлигине жиберилерин Бишкек шаардык мэриясынын жол транспорт инфраструктурасынын башчысы Шаршенбек Алиев «Маралга» берген маегинде билдирген.

«Министрликтин анализинен өткөн соң, шаардык кеңештин депутаттары колдоп берсе, жол кире көтөрүлүшү мүмкүн. Азырынча айдоочулар мурунку режимде иштеп жатышат. Дароо бааны көтөрүүгө да болбойт, элдин мүмкүнчүлүгүн да карашыбыз керек. Тарифтерди өзгөртүү боюнча коомдук талкуу да жүрүп жатат».

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, учурда күн сайын 1,5 миңдей маршруттук такси, 100гө чукул автобус жана 120дай троллейбус каттамга чыгат. Бул жашоочулары 1,5 миллионго чукулдап калган калаанын жүргүнчүлөрүн үзгүлтүксүз тейлөөгө жетишпейт.

Өткөн айда маршруттук унаанын айдоочулары жол киренин тарифин көтөрүүнү талап кылып, иш таштоого чыккан. Айдоочулар менен жолугушкан мурдагы мэр Балбак Түлөбаев алардын талабы колдоого алынарын билдирген. Анын негизинде сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM