Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Бийлик Токтакуновдун маалыматын фейк деп коюу менен кутула албайт

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Ноя 2018 | 561 | 0

Бийлик укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу жарыялаган маалыматтын фейк деп коюу менен гана кутула албайт. Мындай пикирин Тышкы иштер министринин мурунку орун басары, дипломат Аскар Бешимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө башчы жакынкы убакта президенттик шайлоодо кандай каражаттар кеткени боюнча маалымат бериши керек. Анткени коомчулук бийликтин маалыматын күтүп жатат.

«Токтакунов жарыялаган тизмеде шайлоодо ким канча корткону аты жөнү менен кошо чыгып жатат. Бул маселе стабилдүүлүккө тиешеси жок. Тескерисинче, элге, коомчулукка жакшылык алып келет. Бири-бирибизди алдабай ачык болууга шарт түзүп, шайлоодо катачылык кетирүүгө бөгөт коёт», — дейт Бешимов.

Ал акыркы 3 жылда айтылбай турган көп нерсе ачыкка чыгып жатканын, учурда бир нерсени жашырып коюу мүмкүн болбой калганын айтты.

Эске салсак, укук коргоочу Нурбек Токтакунов былтыр шайлоо убагында Жээнбековдун штабы 1 млрд 170 млн сом жана 6 млн доллардан ашык иштеткенин жазып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM