Биз менен байланышыңыз

Аймактардагы аэропорттор оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 1038 | 0

Өлкөдөгү үч облустун аэропорттору оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Эл аралык “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди.

Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарындагы аэропортторго модернизация жасалат. Жалал-Абад облусунун «Казарман» аэропортунда оңдоо иштери жайында башталып, көп бөлүгү бүтүп калган.

Ал эми «Нарын» аэропортунда жаңы аэробекет комплексин куруу пландалган. Учурда күндүзгү учактарды кабыл алууга даяр болуп саналат. Ошондой эле коопсуздукту сактоо максатында «Талас» аэропортунун айланасын тосуу көздөлөт.

Белгилей кетсек, аэробекеттерди модернизациялоо Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жасалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM