Биз менен байланышыңыз

Санариптик трансформация боюнча улуттук программа талкууланды

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 676 | 0

Бишкекте санариптик трансформация боюнча улуттук программанын концепциясы талкууланды.

Иш чарада Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагинбаев санариптик экономика жана иновациялык технологияларды баардык тармактарда колдонуу өлкөнүн атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүн, калктын коопсуздугун шарттайт деп белгиледи.

Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев «Санариптик Кыргызстан»-2019-2023 улуттук программанын концепциясы менен тааныштырды.

Анда мамлекеттик башкарууга жаңы санариптик технологияларды киргизүү, санариптик кызматтарды түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен компетенция борборлорун, инновациялык кластерлерди, өлкөнүн калкы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана экономикалык секирик үчүн шарттарды түзүү ыкмалары бекитилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM