Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун шектүү акчалары саясатчыларды сестентти

Саясат | 16 Ноя 2018 | 1186 | 0

Адвокат Нурбек Токтакунов президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын короткон каражаттары деген маалыматты жарыялады. Документте БШКга көрсөтүлгөн суммадан бир нече эсе көп каражат короткону көрсөтүлгөн.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов 15-ноябрда фейсбуктагы өзүнүн баракчасына президент Сооронбай Жээнбековдун штабы шайлоо учурунда коротулган делинген каражаттын тизмесин чыгарды. Укук коргоочу бул маалыматты президенттикке талапкердин штабында иштеген ишенимдүү адам бергенин билдирди.

-Ал кишинин атын айта албаймын. Анткени ага коркунучтар болушу мүмкүн. Маалыматты берген киши штабда иштеген. Жарыяланган маалыматтар Excel форматында, андагы цифралар чындыкка окшош. Ошону үчүн интернетке жарыяладым. Аны журналисттер, жарандык активисттер жана көзөмөл органдары карап чыгып, текшерсин. Укук коргоо органдары текшергенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Таблицада көрсөтүлгөн адамдарды эч кимиси мага андай каражат берген жок, калп деп айтып чыга элек.

Жарыялаган маалыматы Excel форматында болуп, анда шайлоо учурунда штаб 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаганы айтылган. Тизмеде эң көп каражат И.С. аркылуу С.Ш. бергени жазылган. Токтакунов бул ысымдарды Сооронбай Жээнбеков (СШ) жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп турган Икрамжан Илмиянов (ИС) болушу мүмкүн экенин жазган. Ошондой эле штабга канча каражат келип түшкөнү, аткарылган иштерге канча акча бөлүнгөнү жана президенттикке талапкердин ишенимдүү адамдарына бөлүнүп берилген деген суммалар көрсөтүлгөн.

Нурбек Токтакунов бул мыйзам бузуу экенин айтып, маалыматтар азыркы президентке импичпент жарыялоого негиз түзөрүн билдирүүдө.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына берилген эсепте Сооронбай Жээнбековдун штабы 158 096 175 сом короткон деп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов билдирди.

-Жарыяланып жаткан маалыматтар ушак. Биз убагында каражаттарын карап чыгып, так эле көрсөтүлгөн. Болбосо ошол мезгилде эле башкалар айтып чыкмак да. Оппозиция деген болот.

Ал эми президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева бул чындыкка дал келбей турган маалымат экенин айтты.

-Бул фейк маалымат экени көрүнүп турат. Мөөрү жок, кол тамга (подпись) жок. Фейк маалыматты комментарий кылбайбыз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген.

Ошол кезде Жээнбековдун штабын Фарид Ниязов жетектеген. Ниязов үгүт иштери учурунда анын алган акчасы тууралуу интернетке тараган маалымат чын экенин айтты. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматы билдирди.

Ниязов штабды жетектегени менен үгүт иштерин каржылоо анын милдетине кирбегенин айтат. Анын белгилешинче, каржы жагын президенттикке талапкер штабдагы эки жооптуу киши менен талкуулап турган.

-Биз материалды тыкыр иликтеп жатабыз. Жарыяланган документтеги иш-чаралар менен фамилиялар туура. Күндөрү дал келип жатат. Анын ичинде мен тууралуу жазылгандар да туура. Башка күндөр, сандар жөнүндө аты аталган кишилерден сураш керек. Мен жетектеген штаб шайлоо мыйзамынын алкагында гана иш алып барган.

Ошондой эле КСДП партиясынын маалымат кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда президенттик шайлоо жана каржылоо маселеси боюнча суроолорго жооп берерин кабарлады.

Токтакунов жарыялаган документте аты аталган айрым адамдар бул маалыматтарды жалганга чыгарышууда. Алардын бири шайлоо учурунда Жээнбековду колдогон «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов буларга токтолду:

Шайлоо өнөктүгүнө токтоло кетсем, «Замандаш» партиясы 2017-жылдын 22-июлунда расмий кеңешменин отурумунда бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырган.  26-июлда талапкерди колдоо боюнча коомчулукка расмий жарыялаганбыз. Мен Жээнбековдун ишенимдүү адамы болгонум чын, муну тана  албаймын. Ал эми каражат кайда, кимге берилгени жана уурдалганы боюнча эки адамдан сураш керек. Бирөөсү абактагы Икрамжан Илмиянов, экинчиси — штаб жетекчиси Фарид Ниязов.  

Саясат талдоочу Акылбек Сариев тиешелүү органдар карап чыгып, негиз болсо кылмыш ишин козгосо болорун айтат.

-Маалыматтарды карап чыгып, тастыктаган соң гана жоопкерчилик маселесин караса болот. Азыр маалымат катары эле кетип жатат. Буга тиешелүү органдар кандай реакция кылат, өздөрүнүн иши. Эгерде кылмыш иши ачылса, андан кийин тиешелүү иш-чаралар көтөрүлөт. Ага чейин БШК эч нерсе кыла албайт. Ошондой эле импичмент боюнча да айтылбадыбы. Каражатка Жээнбековдун канчалык тиешеси бар экени такталууга тийиш.

Эске салсак, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өткөн. Сооронбай Жээнбеков шайлоодо шайлоочулардын 54 пайыз добушу менен жеңип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM