14-ноябрда Бишкекте «Исламдын светтик өлкөдөгү орду» аталышындагы эл аралык конференция болуп өттү. Ага өлкө президенти, өкмөт мүчөлөрү, ЖК депутаттары жана дин кызматкерлери катышты. Ошондой эле иш-чарага 20дан ашуун мамлекеттердин дин иштери жаатындагы кызматкерлери, укук коргоочулар келип, өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Жыйында сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков Ислам тынчтыктын, адамгерчиликтин жана тазалыктын дини болгонуна карабай аны жек көрүү жана террордук кызыкчылыктарына колдонгондор бар экенин белгиледи. Бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү максатында коомчулукта конфессиялар арасында толеранттуулукту орнотуу, Исламдын ханафий мазхабына негизделген салттык Исламга артыкчылык берүү менен ар түрдүү жаңыдан пайда болгон агымдар жана секталарга көзөмөл жана талаптарды күчөтүү демилгесин көтөрдү. Ошондой эле мамлекеттин көзөмөлүндөгү Ислам академиясын уюштуруп, бардык диний билим берүүчү мекемелерди анын алдында системалуу түрдө өнүгүүсүнө шарт түзүү сунушун да кошумчалады.
Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, биз теолог, Кыргызстан Ислам Университетинин проректору Марс Ибраев менен маек курдук.
Марал: -Өлкө башчысынын диний жааттагы өнүгүү тууралуу айткан сунуш-пикирлерине теолог катары кандай баа бересиз?
Ибраев: -Президентибиздин эл аралык илимий конференцияда жаңыча реалдуу кадамдарды сунуштаганы прогрессивдүү чечимдерди кабыл алуубуз үчүн жакшы түрткү болду. Ийри олтуруп, түз кеңешкен аянтчада мамлекет башчысы өлкөбүздөгү актуалдуу маселе боюнча ачык-айкын пикирин билдиргени анын коомчулуктун диний ишенимдерине, дин тармагына болгон камкордугу десек туура болот. Ошондой эле дин менен мамлекеттин ортосундагы карым-катнашты керектүү деңгээлде жүргүзүүгө болгон аракеттер деп эсептейм. Диний өнүгүү багытыбызды түптөп жаткан чакта эл аралык коомчулуктун да пикирлерине муктаждыгыбыз бар болчу. Мындай иш-чаралар созсүз пайдалуу жемиштерин берет деп ишенем.
Марал: —Ислам динин практика жүзүндө таанытуу, көрсөтүүдө өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды айкалыштыруу маселеси каралдыбы?
Ибраев: -Албетте. Бул конференцияда уюштуруучулардын да, президентибиздин да, келген чет элдик коноктордун да көңүл бурган жагдайы дал ушул маселе болду. Мисалы, БАЭден келген аалым бизге диний тармактагы өнүгүү жолунда өз менталитетибизди, баалуулуктарыбызды жана салттарыбызды, диндин өзөгүнө каршы келбесе эле жуурулуштура алып кетүү сунушун көтөрдү. Башка мусулман коомчулуктарынын дин тутуу өзгөчөлүктөрүн туурабастан, өзүбүзгө мүнөздүү моделди жандандыруу дин тармагындагы көйгөлөрдү чечүүдө эффективдүү роль ойнойт деп эсептейм.
Марал: -Жээнбековдун дин жаатындагы актуалдуу маселелерди чечүүгө өзү киришип, системалуу чараларды көрүү ниетин коомчулуктун дин тутуу эркиндигине кийлигишүүсү катары бааласак болобу?
Ибраев: -Жок. Тескерисинче, президенттин бул тармакка ээ чыгып, динди жаман көрсөткөн тараптар менен күрөш жүргузүү, исламофобияны жоюу максатындагы демилгелери чыныгы динди жашагандар үчүн камкордук болуп саналат. Дин коомубузда ар дайым маанилүү орунду ээлеп келген. Мындай олуттуу маселеде мамлекет менен диний кызматкерлер бирдикте иш алып барбаса коомчулукта зыяндуу, терс ишенимдер ээлеп, карама-каршылыктар баш көтөрүп баштайт. Ошондуктан, такыр мамлекеттен узак таштап салбастан, көзөмөлгө алуу мындай көйгөлөрдүн алдын-алып, тынчтыктын өкүм сүрүүсүнө шарт түзөт.
Марал: -Сөз болуп жаткан Ислам академиясы тууралуу айта кетсеңиз. Качан жана кандай шарттарда иш алып барат? Дегеле анын коомубуздагы орду кандай болот?
Ибраев: -Биз өткөн жылы мамлекеттик дин комиссиясынын жетекчилиги менен биргеликте Болгарияга барган элек. Алардагы диний билим берүү тармагы абдан тыкан жана системалуу жолго коюлганына күбө болгонбуз. Бизде да ошондой мисалда борбордук Ислам академиясы, анын алдында университет, колледж, медресе жана мечиттер иш алып баруусу пландалууда. Бул мамлекеттин дин тармагын ачык-айкын көзөмөлдөөсүнө, муфтияттын да системалуу, тыкан иш алып баруусуна өбөлгө түзөт. Академиянын качан жана кандай шартта ишке кирери тууралуу маалыматтар тактала элек. Бирок, тез арада сүйлөшүүлөр башталат деген үмүттөмүн. Бүгүн биз буга муктажбыз.