Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда көмүрдүн баасы кымбат

Коом | 15 Ноя 2018 | 1265 | 0

Баткен облусунун аймагында кышка карата даярдык иштери кызуу уланып жатат. Облустун аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин көмүр менен камсыз кылуу аракеттери дээрлик аяктап калды. Учурда билим берүү тармагы 81%га, саламаттык сактоо тармагына 100%  көмүр жеткирилген. Ал эми жергиликтүү тургундар көмүрдүн баасы кымбат экендигин айтышат.

Бүгүнк күндө Баткен шаарында 1 кг көмүрдүн баасы маркасына жана көлөмүнө жараша 6 сомдон 9 сомго чейин сатылууда. Мындай баа жергиликтүү тургундар жана алыскы тоолуу аймакта жашаган элеттиктердин нааразычылыгын жаратууда.

-Биз айылдан Баткен районунун Кыштут кыштагынан келдик. Көмүр алалы десек кымбат экен. Сыналгыдан 6 сом, 8 сом деп айтылган менен бул жерге келип 9-10 сомго чейин алып жатабыз. Айылга чейинки жол кирени кошуп эсептегенде кыйын эле болуп жатат.

— Көмүр 7 сомдон 11 сомго чейин сатылууда. Элдер унчукпай эле алып жатышат экен. Түндүк тарапта 4 сом, 5 сом экен деп угуп калабыз. Айла жок эмне кылабыз. Жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алыш керек го. 

Баткен облусунун аймагында 150 көмүр сатуучу түйүн бар.Сатылып жаткан көмүрдүн  баасы боюнча монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көзөмөл жүргүзүп турат. Агенттиктин Баткен облусу боюнча башкы адиси Аллакул Пирназаров учурдагы баалар туруктуу экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

 -Көмүрдүн баасы стабилдүү эле. Былтыр да ушундай эле баада болгон. Биздин көмүрдү көп жерде кара кеченин көмүрү менен салыштырат. Кара-Кеченин көмүрү ачык карьерде болгондуктан чощ экскаваторлор менен чыгарышат. Ал эми биздеги Сүлүктү, Самаркандек бассейниндеги көмүрлөрдүн баары 1 жарым чакырым ылдый жердин астынан кол менен ташып чыгарылат. Мына ошондуктан көмүрдүн баасы да кымбат болот.

 Өкүлчүлүтүн  региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Чынара Тажибаеванын айтымында, Баткен облусундагы 381 билим берүү мекемелеринин жылытуу түйүндөрүнүн 87си электр энергиясы, 1290ү көмүр менен жылытылат. Ал эми 226 саламаттык сактоо мекемелеринин 181и көмүр менен жылытылып бүгүнкү күндө 100%га камсыздалды.

-Баткен облусундагы билим берүү мекемелери 81% көмүр менен камсыз болду. Саламаттыкты сактоо тармагынын кампаларына 100% көмүр ташылды. Ал эми калктын көмүр менен камсыз болушу 80%ды түздү.

 Буга чейин кыш мезгилинде авариялык өчүрүүлөр болуп, жергиликтүүлөрдү түйшүккө салып келчү. Бул жылы мындай кадамдардын алдын алуу максатында тиешелүү кызматтын өкүлдөрү кышка карата камылганы жылдагыга салыштырмалуу эрте баштаган. «Ош Электр» ААКнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн инженери Сулайман Жороевдин берген маалыматында, калкты туруктуу энергия менен камсыз кылуу максатында 10 айлык планы толук кандуу аткарылган. Аны менен катар облус аймагындагы көмөкчордондор толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү.

-Райондук шаардык электр тармактары бүгүнкү күндө 10 айлык планды 100%га аткарды. Кыш оор келсе да, бизде облус аймагын толук кандуу электр энергия менен камсыз кылууда мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эгер кырсыктан өчө турган болсо, кшумча запастык бөлүктөр да толукталган.

Баткен облусунун аймагында кышка карата даярдык иштери дагы да улантылып жатат. Тиешелүү кызматтардын берген маалыматы боюнча Баткен облусу кыш мезгилине 90%га даяр.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM