Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: мамлекеттик чыгымдын 61% социалдык секторго багытталат

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 618 | 0

2019-жылы жалпы мамлекеттик чыгымдын 61%ы социалдык секторго багытталат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы пенсионерлердин саны учурда 647,2 миң адамды түзөт. Аларды каржылоого Социалдык фонддон 50,3 млрд сом каражат жумшалат. Ошондой эле 372,6 миң жаран 10 млрд сомдун тегерегинде жөлөкпул алышат.

Copyright © 2017 Maral FM