Биз менен байланышыңыз

Президентке тышкы саясат боюнча бөлүм зарылбы?

Саясат | 15 Ноя 2018 | 833 | 0

Кыргызстанда президенттин аппаратындагы тышкы саясат боюнча иш алып барган бөлүм Тышкы иштер министрлигине үстөмдүк кылып келерин серепчилер айтышат.

Өлкөдө президенттин аппаратындагы тышкы саясат боюнча бөлүм туңгуч президент Аскар Акаевдин убагында эле негизделген. Мындай бөлүм ошол кездеги мамлекет башчынын ыңгайы үчүн түзүлүп калганын айткан серепчилер ал Тышкы иштер министрлигинин ишин кайталайт дешет.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов бөлүм министрликтин ишине кийлигишип, үстөмдүк кылып келе жатканын айтты.

-Тышкы саясатты аныктоодо негизги ролду тиешелүү министрликтен да президенттин аппаратындагы бөлүм көбүрөөк аныктайт. Министрлик бөлүмдүн берген көрсөтмөсү, багыты менен иш кылат. Аппаратта андай бөлүм болсо да болбой койсо да эч нерсе өзгөрбөйт. Бирок өлкө башчы тышкы иштер боюнча өзүнө кеңешчи эле дайындап алганы туура. Анткени бөлүмдөр тиешелүү министрликтерге үстөмдүк кылып келишет.

Негизинен аппараттагы бөлүмдөр тигил же бул тармакты тейлейт деген шылтоо менен түзүлүп калганы айтылып жүрөт. Бирок министрликтин ишине үстөмдүк кылып, киришкени жакшы көрүнүш эмес экенин Курманбек Осмонов кошумчалады. Деген менен мыйзам боюнча президент аппаратындагы структуралык түзүмүн өзү аныктайт. Тышкы саясат боюнча бөлүм кээ бир өлкөлөрдө бар болсо, айрымдарында жок.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов жогоруда сөз болуп жаткан бөлүмдүн керектигин айтат.

-Бирок Орто Азия мамлекеттеринде андай бөлүм жок. Маселен, Казакстан, Тажикстан, Белорус, Орусия жана Өзбекстанда.  Бул өлкөлөрдө тышкы саясат боюнча президенттин жардамчысы эле болот. Ошол жардамчылар бардык маселени эмес, президент кандай тапшырма берсе, ошону гана изилдеп, аныктап көрсөтмө бере алат. Калган маселе толугу менен Тышкы иштер министрлигинде.

Жогорку Кеңештеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев өлкө башчысы чет өлкөгө иш  сапары менен көп чыгарын айтып, ага тиешелүү бөлүм сөзсүз болууга тийиш деп эсептейт.

-Тышкы саясатты президент аткарып жатат. Анын аппаратында сөзсүз бөлүм болууга тийиш. Анткени элчилерди президент дайындап жатпайбы. Ал эми Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн курамында болуп, өзүнүн ишин кыла берет. Негизи өлкө башчынын тышкы саясатындагы ишин камсыздашы керек.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов да президенттин аппаратына бөлүм керек деген ойдо.

— Тышкы саясат боюнча бөлүм бизде эле эмес Борбордук Азиядагы мамлекеттерге да керек. Президент өз саясатын жүргүзүүдө тармактык бөлүмү керек болот. Алар министрликке жардам берет. Балким келечекте парламенттик республикага толугу менен өткөндө гана ал өкмөткө гана караштуу болуп калат.

Коомчулукта президент аппаратындагы тышкы саясат бөлүмүн башкарган мурунку жетекчилер тууралуу сын пикирлер айтылып келген. Айтсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында аталган бөлүмдү тейлеген Сапар Исаков министрлердин үстүнөн тапшырма берип турганын кызматкерлер айтып чыккан. Ошондой эле Бишкек ЖЭБ модернизациялоого Кытайдан насыя алуу боюнча кол көрсөтмөнүн тегизинде коюлганы айтылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM