Биз менен байланышыңыз

Адвокат Элмира Чоноеванын лицензиясы токтотулду

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 1335 | 0

Коррупцияга байланыштуу соттолгон «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сотто убактылуу коргогон адвокат Элмира Чоноеванын лицензиясы эки жылга токтотулду.

Бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова Кыргызстандын адвокатурасынын этика комиссиясына таянып билдирди.

Анын айтымында, Чоноеванын ишмердүүлүгү боюнча Өмүрбек Текебаев өзү арызданган. Анын арызын адвокатуранын этика комиссиясы карап, Элмира Чоноева Текебаевдин иши боюнча материалдар менен таанышып чыкпаганын аныктады. Ошол себептен Бишкек шаардык сотунда айыпталуучу Текебаевдин кызыкчылыгын коргогон эмес.

Мындан тышкары, Чоноеваны мамлекеттик жактоочу катары чакыруу тууралуу токтом да болгон эмес. Ал эми Текебаевдин өзүнүн адвокаттары бар.

Эске салсак, буга чейин Элмира Чоноеванын сотко катышуусу мыйзамсыз деп Кыргызстандын адвокатурасы сөгүш жарыялаган.

Өмүрбек Текебаев «Мегаком» чырына байланыштуу «Коррупция» беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган.

 

Нарын шаарынын сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Copyright © 2017 Maral FM