Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарынын сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 904 | 0

Башкы прокурор Нарын шаарынын сотунун судьясы А.Д., карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Судья буга чейин соттук отурумдун катышуучуларына судьяны сыйлабаган мамилеси үчүн айып салган.

2017-жылдын 14-сентябрында жол кыймылынын коопсуздугу эрежесин бузуу жана транспорт каражаттарын экплуатация кылуу боюнча ишти кароо учурунда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү судьянын сөзүн бөлүп, анын эскерткенине карабай отурумдан чыгып кетишкен.

Судья аларга айып тагып, ар бирин 10 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Бирок анын кылмыш иши ачылбай туруп чечим чыгарышы мыйзам бузууга жаткан.

Нарын шаарынын прокурору бул чечимдин үстүнөн арызданып, айып жокко чыгарылган.

Нарын шаарынын сотунун судьясына карата Кылмыш жаза кодексинин “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” (305), “атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу (328) беренелери менен иш козголду.

Copyright © 2017 Maral FM